Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Ирактагы референдум


Улан Алымкул уулу Шейшемби күнү Иракта президент Саддам Хусейндин бийлик мөөнөтүн дагы жети жылга узартууну караган жалпы элдик референдум өткөрүлдү. Референдумду утурлай ирак бийликтери калкты Саддам Хусейндин айланасына баш кошууга үндөп, учурдагы эл аралык кырдаал бул саясий өнөктүккө жаңы маани тартуулаганын белгилешти.

Бийликке 1979-жылы келип, Иракты жыйырма үч жылдан бери жеке башкарып келе жаткан Саддам Хусейндин ыйгарым укуктары акыркы ирээт 1995- жылкы референдумда жети жылга узартылган эле. Анда Хусейнди добуш берүүгө келген калктын 99,96% колдогон. Ал эми бул ирээт башкаруучу Баас партиясы өз талапкерине калктын 100% дык колдоосун алып берүүнү көздөп жатат. Адаттагыдай эле Саддам Хусейндин азыр да атаандашы жок. Добуш берүү жараянына ирак расмий өкүлдөрүнүн өзүнөн башка эч ким көзөмөл сала албайт.

Бөтөнчө ойлонууга жол берилбеген Ирак сыяктуу өлкөдө референдум өңдүү саясий өнөктүктөр аны уюштургандардын мүдөөсүн канаатандырган жыйынтык берээри талашсыз. Анткен менен расмий Багдад Ирактын айланасындагы азыркы эл аралык саясий кырдаалды президент Саддам Хусейиндин пайдасына чегерүүдө. Ирактын маалымат министри Мохаммед Саид ал- Сахаф кабарчыларга билдиргендей, саясий жана эл аралык жагдай, америкалыктар менен сионисттердин коркутуусу референдумга жаңы түс берди. Өлкө калкына Ирак АКШнын аскердик кол салуусу алдында турганын эскерткен бийликтер, референдумду утурлай калкты президент Саддам Хусейндин айланасына баш кошууга үндөдү. Айтор, соңку саясий өнөктүк Иракта АКШга чакырык таштаган окуя катары мүнөздөлүп жатат. Башкаруучу Баас партиясы менен мамлекеттик маалымат каражаттары референдумдун алдында кеңири рекламалык кампания жүргүздү.

"Биздин жарандардын ар бири АКШнын текебердигине жооп бериши керек. Өзүн өзү сыйлаган ирактыктардын баары бир добуштан, бир колдон биздин тарыхый лидер, көсөм, шыктандыруучу жана символубуз Саддам Хусейин үчүн жапырт "Ооба" деп айтат", - деп жазды Хусейиндин уулу Удей ээлик кылган "Бабел" гезити.

Ал эми шейшемби күнү добуш берүүнү коштой өткөрүлгөн массалык демонстрация учурунда, Багдаддын көчөлөрүнүн биринде окуучу балдар АКШ президенти Бушка кайрылып:
"Буш, жакшылап угуп ал, биз баарыбыз Саддам Хусейнди сүйөбүз ", - деп кыйкырып жатышты. Добуш берүүгө келген шайлоочулардын бири болсо кабарчыларга буларды айтты:
"Мен Саддам Хусейнди өзүмдүн жана бүткүл ирактыктардын президенти катары шайлаганы келдим. Ал ар бир ирактык үй - бүлөнүн уулу жана бир тууганы", - деди багдаддык шайлоочу аял.

Багдаддан түшкөн маалыматтарга караганда, референдумду утурлай өлкө баш калаасынын көчөлөрү ирактыктарды "Ооба" , "Ооба" деп айтууга чакырган ураандар менен желектерге жык толду, Хусейндин портреттери мурдагыдан да көбүрөөк илинди. "Жалгыз эле ооба деген жетишсиз, ирактыктар урналарга жүрөгүн таштайт", - деп жазып чыкты жергиликтүү басылмалардын экинчи бири. Жергиликтүү искусство жана өнөр чеберлери да референдумга өзүнчө даярдык көрдү. Маселен, багдаддык скульптор Калил Хамис окуяга карата Саддам Хусейндин алты айкелин жасаган. "Долбоорлордун ар бири азыркы жагдайды чагылдырат жана президент Саддам Хусейн үчүн белек. Мен өнөр адамы жана атуул катары "ооба" деп жооп берем", - деди "Рейтер" агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде ирактык айкелчи Калил Хамис.

Айткандай эле Ирактын он бир жарым миллионго чукул шайлоочусу референдумда "ооба" же "жок" деген жөнөкөй эле суроолорго гана жооп бериши керек. Ирак мыйзамдарына ылайык жашы он сегизтен өткөн ар бир адам шайлоого катышууга милдеттүү. Добуш берүүгө Ирактын түндүк бөлүгүндөгү күрддөр жашаган, Багдаддын көзөмөлүнөн сыртта турган провинциялар гана тартылган жок. Байкоочулар бул ирээт Саддам Хусейин 100% болбосо да 99,99% добуш алаарын болжолдошууда.

XS
SM
MD
LG