Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:43

«Азаттыктын» куржунунда сары майдай сактаган программаларыбыз бар. Бүгүн мына ушул куржунга өткөн жайда түшкөн "Америкалык эскиздер" радио-түрмөгүнөн тартуу бир шиңгил кылабыз. Азыркы уктуруубузду Жаңыл Жусубжан Вашингтондо былтыр июнь-июль айларында өткөн «Жибек Жол» Фестивалынан даярдаган эле. Кабарчыбыз чыгыш түркстандык кыргыздардын чыгармачылыгы менен жакындан тааныш уйгур ырчысынын мукамын угуп, кыргыз, казак, уйгур өзбектерди бүт түркестандык деп жакын туткан журналист менен жолуккан.

Жаңыл Жусубжан: Азиз, силер Ооганстандын Улуу Памиринен кээде кабар алып турат экенсиңер. Жакында алардын журт башчылары Кабулга барып, Ооганстандын президенти Хамид Карзай менен көздөшкөн экен. Алар кайсы маселени коюшуптур, көйгөйлөрү кайсы экен?

Азиз Улуу: Эми биз анык жакшы кабар ала албадык. Бирок алар Карзай менен көрүшкөндө Памирде болгон чек ара маселесин козгошуптур. Анткени алардын карым-катнашы кыйын, мурда Пакистанга барып азыктарын алып келет эле. Азыр Пакистанга чек ара жабык, бул жагынан Тажикстан жабык, Ооганстандын башка аймактарына түшүп барыш кыйын. Ушул маселелер боюнча көрүшкөн экенин айттылар. Экинчиден Түркияга барып, туушкандар менен учурашып кетсек деген маселе. Афганистанда алардын колдорунда паспорту жок, Ооганстандын жараны экенин көрсөткөн эчтеке жок. Ошол маселелерди көтөргөнүн айттылар. Анан Кыргызстанда кыргыздардын аларды көчүрүп кетсек деген ою бар экен. (Бирок) Памир да кыргыздардыкы, алар көчүп кетсе Памирде ким калат?! Эч ким калбайт, же Кытай келип кайра басып алат, же Тажикстан алат. Ошонүчүн афган президенти да айтыптыр, силер Памирдин жергиликтүү элисиңер, силер туруктуу ушул жакта чоңойгонсуңар, ошондуктан Памирден эч бир жерге кетпейсиңер, Памир - силердики, өзүңөрчө кандай бийлесеңер, кандай башкарсаңар, ошол жолдо жүрө бергиле деп айтыптыр деп уктук.

Жаңыл Жусубжан: Маркум Рахманкул хан памирлик кыргыздардын бир бөлүгүн 1970-жылдардын этегинде Туркияга көчүрүп кетпеди беле. Силердин көз карашыңарда, ушул туура болгонбу?

Азиз Улуу: Бул туура болгон. Анткени ал кезде кыйын убакыт келип калган. Орустар Афгастанга киргени турган. Рахманкул хан мекени үчүн, өзүнүн жери үчүн күрөшкөн, орустар болсо аны биринчи душманы деп жаман көргөн. Хандын бизди алып келгени жакшы болгон. Памирде калса эмне болот эле? Ал жакта билим алуу кыйын, окуу, жазуу да жок. Туркияга келген кыргыздар окуду, жаштар окуп, дүйнөнү көрдүлөр, жакшы жакшы жерлерде иштеп жатат. Бул да болсо бүйүк бир окуя, бакыт деп ойлойм.

Жаңыл Жусубжан: Ванда, Түркиянын чыгышында күрдүлөр жашаган аймакта туруп жатасыңар. Күнү-түнү 150 аскер кайтарат экен айылды.1990-жылдардын башында атышуу болгон экен. Коопсуздук жагы бүгүн кандай? Күрдистан маселеси көтөрүлүп жатпайбы, эгер күрттөр Түркиядан бөлүнүп кетсе, Вандагы кыргыздардын абалы кантет?

Азиз Улуу: Биз Күрдистан болуп кетишини ойлобойбуз, ойлогубуз да келбейт, буюрса болбойт. Мурун 1990-97-жылдары бул маселе кыйын болгон, азыр тынчып калды. Айылды биздин өзүбүздүн (кыргыз) балдар, айыл коргоочулар кайтарат. Азыр кыйынчылык жок. Ошол 92-жылы (күрттөр) биздин айылга кол салган, биздин балдар менен аткылашып, алар тараптан эки киши өлүшкөн. Ошол аябай жакшы болду да, анткени алар аябай корктулар, булар согушту жакшы билген кишилер экен деп калышты. Биз буларды кырабыз, аккан сууда эртеңден баштап кан агат деп айткан да. Бирок бизге эчтеке болбоду. Жалаң айыл эмес, райондогу көп жерлерди биздин балдар коргойт, анткени түрк өкмөтү бизге ишенет. Мурун биз биринчи Түркияга жаңы келгенде күрттөрдүн көз карашы бир аз башкача эле. Азыр өзгөрүлдү. Азыр силер биздин бир туугасынар, боордошсуңар, бир эл болуп калдыңар деп көз караштары жакшы болуп калды.

Жаңыл Жусубжан: Ооганстандан келген кыргыздардын Ван өрөөнүндө мал кармаганга шарты начар. Кандай кылып жан багышат? Вандык кыргыздардын экономикалык абалы, турмуш деңгээли түрктөрдүкүнө, Кыргызстандагыга салыштырганда кандай?

Азиз Улуу: Эми биздин элдин турмуш абалы жакшы эле. Биз ал жерге көчмөн келдик да. Ал эми ошол жердеги туруктуу башка элдердикин карасак, биздикинен жакшы эмес, паркы (айырмасы) жок, ошол жерде 70-80 жылдан бери жашагандарды карасак, бизге окшош эле турат. Бизде эми кой, мал багышат, жайлоо болбогону менен, эптеп мал кармашат, кыргыздардын кесиби ошол. Ошонүчүн кыйынчылык жок. Жаш балдардын көбү башка шаарларга барып иштешеттер. Айылда өнөр-жай жок, кээ бирде жаш кыздар, жаш келиндер килем токушаттар, түрк өкмөтү аларды экспорт кылат. Түркиянын экономикасы кандай болсо, вандык кыргыздардын ахвалы да ошондой орточо болуп кетибатат.

Жаңыл Жусубжан: Түркияга жаңы келгенде ван кыргыздары ажы Рахманкул хандын жетекчилигинде болуп келди, кийин Рахманкул хандын уулу Кутлу эл бийлеп турду. 2000-жылкы шайлоодо бийлик алмашып, башка уруудан Жума деген бала эл башына келиптир. Бийлик кандайча өзгөрүп кетти? Шайлоо силерде кандай өтөт, акыйкат, демократиялуу жол менен өтөбү, же кээде туугандарына тартып коюшабы?

Азиз Улуу: Бул жаңыдан шайланган баланы хан деп эсептебейбиз. Түрк закону боюнча ар бир айылдын башкармасы болот, ал ошол айыл башкармасы болуп шайланды. Бирок Рахманкул хандын тукумдарын эл хан деп эсептейт, хандын балдары деп сыйлайт. Шайлоо демократия менен болду, ар кандай уруучулук, туугандарга тарткан деген болгон жок. Шарияттын кескен бармагы ажыбайт деген кеп бар эмеспи, шайлоо демократия менен болгон үчүн эч ким эч нерсе дей албайт.

Жаңыл Жусубжан: Силерде дагы деле аксакалдар соту, аксакалдар кеңеши деген түзүлүш сакталып калыптыр. Бул кеңештин ролу кандай, тартип бузган тентектерге карата кандай чара колдонулат?

Азиз Улуу: Биздин Түркиянын закону боюнча аксакалдар соту деген жок. Жалаң кыргыздарда бирдеке болсо, "мына мындай болуп калды, кандай чечиш керек" деп биринчи аксакалдарга кайрылышат. Бизде андай чоң окуялар болбойт, бирөөнү өлтүргөн, бирөөнү уруп кеткен окуялар эмес. Кичкене окуялар болсо аксакалдарга барышат, аксакалдар чечип коет. Анан өкмөттүк сотко деле барышпайт анткени керек болбойт, баары аксакалдардын сөзүн угат. "Аксакалдар, чече албай койдуңар, мен полицияга барам, өкмөткө барам" деп айтпайт. Аксакалдар чечсе болду, ошону эсепке алаттар.

Жаңыл Жусубжан: Демек силерде чоң кылмыштар болбосо, жогорку, өлүм жазасы жок экен да?

Азиз Улуу: (күлүп) Жок, өлүм жазасы жок. Менимче кыргызда өлүм жазасы болгон эмес тарых боюнча, мындан кийин да болбойт.

Жаңыл Жусубжан: Ванда жашаган кыргыздардын өз мектеби бар, өзүңөр акча топтоп, курган экенсиңер. Бирок окутуу түрк тилинде жүргүзүлөт, анткени Түркиянын закону боюнча, өлкөдө түрк тилинде гана билим алууга болот. Күрдүлөр бүгүн өз эне тилинде окуганга мүмкүнчүлүк алып жатышат. Эгер силер кайрылсаңар, түрк өкмөтү кыргыз мектепке уруксат бериши мүмкүнбү?

Азиз Улуу: Мурунтан кыргыздарда (кыргызча мектеп болгон эмес). Эки жыл мурун эки мугалим Кыргызстандан келип сабак беришип кеткен, өкмөттүн договору боюнча келген экенлер. Азыр финанс болбой, кетип калдылар. Бизде азыр орто мектеп бар. Орто мектепте окуткан түрк мугалимдер бар, анын ичинде окуп келген кыргыз балдар бар. Кыргызча мектеп ачканга шарт болсо, айылдагы аксакалдар, айыл баштыктары менен кеңешип, алар кандай мүмкүнчүлүк жаратсалар, ошо боюнча бир жолу чечилет деп ойлойм го.

Жаңыл Жусубжан: Азиз, силер Кыргызстанга тез-тез барып турат экенсиңер. Кыргызстандын бүгүнкү турмушу, келечеги тууралуу кандай ойдосуңар?

Азиз Улуу: Кыргызстандын келечеги жакшы деп ойлойм, анткени кыргыздар биз аз элбиз, төрт миллион эл, жакшы башкарма чыккан болсо, ал дүйнөнүн Голландиясы, же Швецариясы болот деп ойлойм. Анткени (калктын) билими жогору, Кыргызстанда элдин 80 проценти жогорку окуу жайды бүткөндөр дешет. Кыргызстан экономикалык бир аз кыйынчылык өткөрсө да, келечекте жакшы болот деп эсептейбиз.

Жаңыл Жусубжан: Азиз, силер тарыхый мекениңерден алыс жүрүп, көөнө кыргыз тилинде сүйлөйт экенсиңер. Андан тышкары урду, тажик, өзбек, албетте түрк тилин билет экенсиңер. Кыргыздар жазат деп кирил арибин үйрөнүпсүңөр. Азыр орус, англис тилдерин өздөштүрүп жатыпсыңар. Уулдарыңыз Сулайман, Харун менен үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүңөр?

Азиз Улуу: Үйдө уулдарым, үй-бүлөм менен мен кыргызча сүйлөйм, алар мага кээ бирде кыргызча, кээ бирде түркчө жооп беришет. Кыргыз тили түрк тили жакын болгон үчүн, анча деле байкалбайт. Орток түрк тили сыяктуу.

Жаңыл Жусубжан: Келинчегиңиз Зуура кытайлык Кызылсуу кыргыздарынан экен. Ван кыргыздары дагы түрк, күрт кыздарды алышат экен, бирок өз кыздарын башка улутка беришпейт деп айттыңар. Кыргыз кыздар башка элдик жигитке көңүлү түшүп калса кантет, тыйуу салып коесуңарбы?

Азиз Улуу: Азыргыча көңүлү түшпөдү деле. Эми мен ойлойм, көңүлү түшпөйт. Анткени кыргыздын кыздары мыкты кыздар болот. Алар кайсы жерге баратканын жакшы билишет, анүчүн мен алардын көңүлү күрттөргө түшөт деп ойлобойм. (күлүп) Кыргыздардын көңүлү башкача көңүл да.

Жаңыл Жусубжан: Ооганстанда турганда памир кыргыздарынын арасында көп аял алгандар болгон. Бул жакта абал кандай?

Азиз Улуу: Мурунтан болгон экен көп аял алышкандар, бирок саны аз. Түркияга келгенден кийин көп аял алгандар жок. Анткени экономикалык шарт туура келбейт. Көп аял алсаң, көп балаң болот, аны багыш керек, акча таап, нан таап бериш керек. Ошонүчүн азыр андай эле эки-үч аял алгандар жок.

Жаңыл Жусубжан: Түркияда силерден тышкары Аданада кыргыздар бар, алар да советтерден качып келип, Түркияда отурукташып калышкан. Өз араңарда катнашып, кыз алып, кыз беришет экенсиңер. Ал эми 1990-жылдары чек аралар ачылгандан бери Кыргызстандан кыз алып, кыз беришкендер аз экен. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?

Азиз Улуу: Аданада же башка жерде жашаган кыргыздар көбү вандык кыргыздардан кыз алып, кыз берди да. Эмне дегенде кол ийриге тартат деген сөз бар да. Алар мурунтан аз болгон себебинен жергиликтүү кишилер менен үйлөнүп, турмушка чыккан экен. Биз Ооганстандан келгенден кийин алар бизди табышып алды. Ошондон кийин кыргыздар менен карым-катнаш болуп, алар бизге келишет, биз аларга барабыз, өлүм болсо, же той болсо, жакшы жамандык күндө бир бирибизге кабар берип, кабар алып турабыз да.

Жаңыл Жусубжан: Истамбулда иштегениңерге канча болду? Мында канча кыргыз бар?

Азиз Улуу: Менин Истамбулга келгениме быйыл төртүнчү жыл болуп калды. Мында кыргыздар анча деле көп эмес, 35-40 үй-бүлөлөр бар - Афганистандан келген кыргыздар, Кыгрызстандан келген кыргыздар, анан Кытайдан келген кыргыздар. Бирок биз афгандык кыргыз, кытайлык кыргыз деп эсептебейбиз. Баарыбыз кыргыз деп, алыш-бериш жасап турабыз.

Тектеш

XS
SM
MD
LG