Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:17

САДДАМДЫН УУЛДАРЫНЫН СӨӨГҮ ЖАЛПЫ ЭЛГЕ КӨРСӨТҮЛДҮ


Бүбүкан Досалиева, Прага http://gdb.rferl.org/E3C09706-4F18-4FDB-B3FF-22AA3FDBF644_w203.jpg Ирактын мурунку президенти Саддам Хусейндин уулдары Удай менен Кусайдын сөөктөрү эл аралык маалымат агенттиктеринин 15 журналистине көрсөтүлүп, алар тартып алган тасмаларын телеканалдарга чыгарышты. Аны көргөн ирактыктардын айрымдары сөөктөр чын эле Удай менен Кусайга таандык дешсе, айрымдары дагы эле күмөн санап жатышат. Саддам Хусейндин уулдарынын өлтүрүлүшүнөн кийин Иракта түзүлгөн кырдаал тууралуу кененирээк Бүбүкан Досалиева баяндайт.

Шейшемби күнү Мосул шаарындагы ири чабуулда набыт болушкан Удай менен Кусайдын сөөктөрү журналисттерге медициналык каражаттар менен тазаланып, бети- баштары түздөлгөндөн кийин көрсөтүлдү. АКШнын аскерий жетекчилиги мындай укукту көрсөтүүлөрү араб тилинде чыгуучу Ал-Жазира жана Ал-Арабийа телеканалдарынын, Ассошейтед пресс агенттигинин жана башка бир нече маалымат агенттиктеринин журналисттерине берди. Удай менен Кусайдын сөөктөрүн текшерген дарыгерлердин айтымында, алар кеминде 20дан ашык ок жеп каза болгон. Андан тышкары экөөнүн тең денесинин баары күйүп, тытылып калган. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, Удай башына тийген октон набыт кеткен. Кусайдын да башынын эки жеринен ок тешип кеткени аныкталган. Анын бири оң кулагынын, экинчиси анын артында болгондуктан догдурлар Кусай өзүн-өзү атып өлгөн деген жоромолду жокко чыгарып жатышат. Эми Удай менен Кусай чын эле өлдүбү деген күмөн суроого алардын канынын тутумун, башкача айтканда ДНКсын текшерүүнүн жыйынтыгы ачык жооп берет. Дарыгерлердин айтымында, ал АКШнын Мериленд штатындагы бир лабораторияда текшерилип, анын жыйынтыгы кийинки жумада чыгарылат.

Саддам Хусейндин эки уулунун тең сүрөттөрүн көргөн ирактыктар арасында, бирок, дагы эле алардын өлгөндөрүнөн күмөн санагандар болууда. Маселен, жума күнү тасма көрсөтүлөөр менен атын айткысы келбеген бир ирактык атуул Рейтер агенттигинин кабарчысына:

Мен өзүм көрүп турган сүрөткө көп ишенбей турам. Мен мунун анык экендигине ишенбейм – деген оюн билдирсе, дагы бир адам:

Бул Удай менен Кусайдын чын эле өлгөндүгүнүн аныктыгы. Мындан кийин кудай жалгаса, биз жаңы өкмөт түзүп, бактылуу жана коопсуз жашап калабыз деген үмүттөбүз” – деген оюн билдирди. Мындан тышкары “алар тирүү кармалып, элдин сотуна коюлса көксөөбүз канат эле- дегендер да болууда.

Ал эми АКШнын Иракта кызмат кылып жаткан 4-жөө аскерлер дивизиясынын командири, генерал Рэймонд Одиернонун пикири боюнча, Удай менен Кусайдын өлүмү көп ирактыктарда коалиция күчтөрүнө ылым санаган мамилени дароо жаратты. Анткени, “коалиция Ирактын эски режиминдегилерден эч ким жазасыз калбасын көрсөтүүдө” ,-деген Одиернонун айтымында, ушундан уламбы, азыр жер астына көөмп катылган курал-жарак кампалар тууралуу өз ыктыяры менен маалымат бергендер көбөйүүдө. Буга Самарра деген жерде динамиттин 45 шашкасы, 11 жасалма бомба, танкага каршы атуучу 34 ракета жана ага кошумча 150 аткычтын, 40 пулемет жана мылтык көмүлгөн чоң кампанын табылышы күбө.

Удай менен Кусайдын өлүмү менен байланышкан Ирактагы ири окуя, бирок, коалиция аскерлерине кол салууну басаңдаткан жок. “Вашингтон пост” гезитинин маалыматы боюнча, аларга орто эсеп менен бир күндө 12 жолу кол салуу болууда. Коалиция аскерлери болсо партизандык согушка каршы күнүнө 18 жолу ар кандай аракеттерди көрүүдө.

Ал эми жума күнү Япониянын парламенти Иракка жөө аскерлерин жиберүү чечимине келди. Бул Япониянын экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өз аскерлерин согуш жүрүп жаткан башка өлкөгө жиберүү тууралуу биринчи чечими. Ага ылайык япондук аскерий адистердин алгачкы тобу Иракка августтун аягында барып, тутуму миң жоокерден турган башкы топ турчу жайды камдашат. Парламенттин мындай чечимине оппозициячыл партиялар бул Конституцияга карама-каршы келет деп дароо каршы чыгышты. Алардын айтымында, Япониянын куралдуу күчтөрү өз өлкөсүн коргоого гана милдеттүү. Бирок, Япониянын премьер министри Дзюнитро Коузими аскерди жиберүү боюнча мыйзамды кабыл алдыруу үчүн парламентти жекшемби күндөрү иштетээрин жарыя кылды.

XS
SM
MD
LG