Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:37

ООГАНСТАНДАГЫ АБАЛ


Нарын АЙЫП Ооганстандын тышкы иштер министри Абдулла Абдулла акыркы бир айдын ичинде экинчи жолу Вашингтонго келип, Америка кошмо штаттарынын жетекчилигин - Ооганстандагы терроризмге каршы күрөштүн деңгээлин төмөндөтпөөгө чакырды. Анын айтымында, Ооганстандагы абалды жөнгө салып бүтмөйүнчө, АКШ: эл аралык терроризмди жеңдим, - деп айта албайт.

Мындан бир жыл мурда, Ооганстандагы терроризмге каршы согуш жаңы башталганда, АКШ президенти Джордж Буш: кандай болгон учурда дагы Усама бин Ладен тирүү же өлүк кармалыш керек, биз аны үңкүрүнөн ыштасак да алып чыгып кармайбыз, - деп жарыялаган. Ооганстандагы аскерий аракеттердин башталганына бир жылдан ашты, бин Ладен дагы, Талибандын жетекчиси молдо Омар дагы кармала элек жана алардын тирүү же өлүк экендиги да белгисиз. Сентябр айынын 11-де, АКШга былтыр согулган террордук чабуулдардын бир жылдыгына арналган берүүдө, президент Буш "Си-Би-Эс" сыналгысы аркылуу: Усама бин Ладендин тирүү же өлүк экенин мен билбейм жана кызыкпайм. Маселе бир эле адамда эмес да,- деп билдирди.

Акыркы мезгилде, бирок, президент Буш башка адамдын ысмын көп атоодо, ал - Ирактын президенти Саддам Хусейн. Буштун айтымында, дүйнөдөгү эң балакет мамлекеттин колунда эң балакет куралдын бардыгына АКШ чыдап тура албайт, анткени ал кеңири кыруучу курал качан болбосун Америкага каршы багытталышы мүмкүн. Өткөн сентябр айында Буш: акыр аягын айтканда, Саддам Хусейн - менин атамды өлтүрүүгө аракеттенген адам, - деп да билдирди. Чындап эле, 1993-жылдын апрел айында улуу Джордж Буштун өмүрүнө кол салуу болгон жана АКШнын чалгындоо кызматтары: аны Ирак уюштурган болушу мүмкүн, - деген пикирде.

Иракка каршы согуш даярдалып жатканда, ошондуктан, Ооганстандагы абал кандайдыр бир ченемде көз жаздымда калууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Абдулла Абдулла ошол себептен Вашинтонго кайра-кайра келип, Ооганстандагы аракеттерди токтотпоону суранууда. Анын айтымында, Ооган терроризмине каршы күрөштү ийгиликтүү аяктабаса, АКШ эл аралык терроризмди жеңип бүттүм, - деп айта албайт.

21-октябр күнү Абдулла - Вашингтондогу "Эл аралык изилдөөлөр борборунда" чыгып сүйлөп, Ооганстанды азыр бүткүл дүйнө карап турганын белгиледи: "Абал терс жакка бурулуп кетиши мүмкүн жана ал өтө кейиштүү болот. Биз сөзсүз жеңишке жетиш керекпиз, Америка кошмо штаттары сөзсүз жеңишке жетиш керек. Ооганстандагы абал - бүткүл дүйнөгө үлгү болууга тийиш. Антпесе, абдан жаман мисал болуп калат."

"Эл аралык изилдөөлөр борборунун" президенти Джон Хамре дагы Ооганстандагы абалдын өтө орчундуу экендигине токтолду:
"Эгерде биз, мурда жарыялангандай, Ооганстанда күч менен демократия орнотуу максатыбызга жетпесек, анда биздин - мурда да Ооганстанга кол салган башка мамлекеттерден айырмабыз болбой калат".

Ооганстанда азыр он миңге жакын америкалык аскер бар жана дагы беш миң аскер - борбор калаа Кабулду кайтарат. Дагы миңдеген аскерлер кошуна мамлекеттерде жайгашып, Ооган аскерий аракеттерине колдоо көрсөтүүдө. Бирок, Усама бин Ладендин "Аль Каида" уюму жок кылына элек жана дүйнөнүн башка мамлекеттеринде ишке ашырылып жаткан террорго "Аль-Каида" жооптуу деген маалыматтар бар. Вашингтондогу маанай болсо, башка жакка бурулууда. Кээ бир байкоочулардын айтымында, президент Буштун жардамчылары - коомдук пикирди Усама бин Ладенден Саддам Хусейнге буруу үчүн эбегейсиз аракет көрүүдө.

XS
SM
MD
LG