Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Ирландиялыктар Еврошаркетке жаңы өлкөлөрдүн кабыл алынышан каршыбы?


Баян Жумакадыр кызы 19- октябрьда Ирландаиянын жарандары Европа шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Ница шаарында кол койгон келишими боюнча добуш беришет.Былтыркы референдумда Ирландияыктардын көбү келишимге каршы чыгышкан болчу. Саясий байкоочулар калк арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү менен, быйыл да Ирландиялыктар келишимди колдобой койушу ыктымал деп жатышат.

Еврошаркеттин Ница саммиттинде кол койулган келишимде уюмга 12 жаңы мүчө өлкөнү, негизинен, чыгыш Европа мамлекеттерин кабыл алуу үчүн, уюмдун алкагында бир катар реформаларды, анын катарында, иммиграция мыйзамдарын реформалоо каралган. Келишим боюнча былтыр өткөрүлгөн референдумда Ирландиялыктардын көбү Ница келиишмине каршы чыгышкан. Анткени алар келишим күчүнө киреери менен, Ирландияга чыгыш европалык иммиганттар агылат деп чочулашкан эле.
Батыш Европада жүргүзүлгөн статистикалык иликтөөлөр чет элдик иммигранттар үчүн Ирландия "көптөн көксөгөн көк жеек" эмес экенин көрсөтүүдө. Бакубат мамлекетерден бак издеген кедей өлкөлөрдүн жарандары, биринчи кезекте, Германия, Австрия,Швейцария, Франция, Италия, Скандинавия өлкөлөрү менен Голландияны көздөшөт. Ница келишимин колдогон ирландиялык саясатчылардын бири, СИПТУ союзунун мүчөсү Дес Геракти Еврошаркетке жаңы мамлекеттер кабыл алынган күнү да, шаркеттин эски мамлекеттеринде отурукташууну көздөгөн европалыктардын болгону 5-7 проценти Ирландияга көчүп келүүнү каалай тургандыктарын айтат. " Иммигранттар алдыда аталган бакубат мамлекеттерге агылмакчы", - дейт саясатчы. Ал эми Ирландиянын саламаттык сактоо министри Михаел Мартинс Ройтерге берген маалыматында 2001-жылы Ирландияда жумушка орношкон 36 миң кишинин 6000 гана - чет элдиктер болгонун билдирет.
Ирландия Европа өлкөлөрүнүн ичинен иммиграция мыйзамдарынын салыштырмалуу либералдуулугу менен айырмаланат. Европанын түндүгүндөгү Ирландия аралында жайгашкан аты уйкаш мамлекеттин тургундары адатта бак издеп, жеринен азып кетчү. Ошон үчүн аралга чет элдиктердин отурукташуусу ирландиялыктар үчүн кылымдар бою бейтааныш көрүнүш болуп келген. Чет элдиктер аралга акыркы жылдарда, мамлекет өз тарыхында болуп көрбөгөйдөй экономикалык өсүшкө жетип, "келттердин жаш жолборсу" деп аталганда, агылып келе абштады. Чет элдик иммигранттардын келишине өлкөнүн жумушчу күч таңсыктыгын жойуу үчүн өкмөттүн чечкиндүү чара көрүшү шарт түзгөн. Келгин жумушчулардын ичинде негизинен румындар менен нигериялыктар үстөмдүк кылышат.
Бирок чет элдик иммигранттардын аралда эзелтен отурукташкан ирландиялыктар менен интергациялынуусу, өкмөт элестеткендей, оңой-олтоң болбой чыкты. Эмнести Интернешинел укук коргоо уюмунун ирландиялык бөлүмүнүн иликтөөлөрү ар бир беш өңү кара иммигранттардын - төртөө Ирландияда рассизмге дуушар болуп жатканын көрсөтүүдө. Ксенофобия менен рассизм сыяктуу жагымсыз көрүнүштөр ирланд коомунун төмөнкү катмарында эле эмес, бардык баскычтарда бар экенин ирландиялыктардын өзүлөрү да мойунга алышат.
Ирландиялыктардын Ница келишимине жасаган мамилесинде алардын өз жумуш орундары үчүн кооптонуусу үстөмдүк кылат. Евросоюзга жаңы мүчөлөрдүн кабыл алынуусу менен эми өлкөгө кара жумуш иштегенге даяр, кесип үйрөнбөгөн чет элдиктер эмес, жогорку квалификациялуу, билимдүү адисттер агылмакчы. Ирландиялык жарандар бул эмгек рыногундагы абалды азыркыдан да началатат деп чочулашат. Бирок Ройтердин кабарчысы менен чакан кафеде бирге отуруп тамактаган карапайым ирландиялыктардын бири Ярлат Бойле: "Мен чыгыш евролыктардын келишин чын жүрөктөн колдойм. Бешжүз жылдан бери улутубуздун каны жаңырбай, тукумубуз мажес болуп баратат", – деп айткан.

XS
SM
MD
LG