Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:14

Индонезиядагы жардыруулардын артында ким турат?


200гө жакын адамдын өмүрүн алган Индонезиядагы терактты иликтөө иштерине Америка, Австралия жана Британиядан барган адистер көмөктөшүүдө. Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Бали аралындагы жардырууларга Ал-Каида уюмунун тикелей тиешеси бар деп билдирди. Дүйшөмбүдө бул пикирге Индонезиянын коргоо министри да кошулду. Эксперттер бирок, окуяга түрткү боло алчу башка жагдайларга да көңүл бурушууда.

Индонезиянын Бали аралында ишемби күнкү жардыруулардан каза тапкандардын ысымдарын тактоо иштери уланууда. Джакартанын расмий өкүлдөрү билдиргендей, күчтүү бомба жардыруусунан күйүп-өрттөнгөн өлүктөрдү таануу өтө татаал ишке айланды, азырынча 40ка жакын кишинин гана аты-жөнү такталып бүттү. Жайы-кышы күндүн нуру чачырап турган тропикалык климаты менен чет элдик туристтерди өзүнө тарткан Бали аралындагы деңиз жээктери теракт болгон дем алыш күндөрдөн тарта ээнсиреп калды. Бул жердеги кымгууттук жергиликтүү аэропортко көчкөн, туристтер буюмдарын жыйнап, мекенине кетүүгө ашыкса, Балиге эс алууга кеткен жакындарын издеп келгендер дүйнөнүн булуң-бурчунан агып келүүдө. Америка Кошмо Штаттары Индонезиядагы элчилигинде эң зарыл кызматкерлерин гана калтырып, калган адистер менен үй-бүлө мүчөлөрүн алып кете баштады. Ишембинин түнүндөгү бомба жардырууларынан курман болгон 200дөй адам жана 300дөн ашуун жарадар болгондор - 12 өлкөнүн жарандары экен. Өз атуулдарын жоготкон өлкөлөр тизмесин Австралия менен Индонезия баштоодо.
Өткөн жылкы 11-сентябрдагы АКШдагы теракттардан кийинки эң коркунучтуу коогалаң атка конгон Балидеги жардыруулар үчүн жоопкерчиликти азырынча бир да уюм өзүнө ала элек. Эл аралык коомчулук Индонезия өкмөтүн теракттын күнөөкөрлөрүн таап-жазалоо иштерин ыкчамдатууга үндөөдө. Дүйшөмбүдө кечинде Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Балидеги теракттарга Ал-Каида уюмунун тиешеси бар деп билдирди. "Менимче, Балидеги терактка Ал-Каиданын тикелей байланышы бар. Бизге түшө баштаган маалыматтар бул айткандарымды ырастоодо, ошентсе да, мен өз иликтөөбүздүн жыйынтыктарын күтө турмакчымын", - деп белгиледи президент Буш. Индонезия өкмөтүнүн чукул жыйынынан соң, өлкөнүн коргоо министри Матори Абдул Жалил да Балидеги жардырууларды Ал-Каидачылар жана алар менен кызматташкан жергиликтүү уюмдар жасаган болуу керек деп билдирди. Алар анткен менен, Австралиянын премьер-министри Джон Ховард шейшембиде: "Ал-Каида уюму, албетте, эң чоң шек туудурган уюм, бирок, анын Балидеги жардыруулар артында турганынын тикелей далили жок", - деп маалымдады. Ал эми Ал-Каида менен байланышы бар деп АКШ көптөн бери күнөөлөп келе жаткан Индонезиялык "Жемаа Исламия" уюмунун жетекчиси Абу Бакир Башир азыркы тапта эч нерседен кам санабай, журналисттерге интервью таратып жүргөн кез. "Бомба жардыруу – биздин күрөшкө ылайык келбейт, ислам согушкерлери андай жолду тааныбайт. Бомбаны чет өлкөлүктөр ойлоп-тапкан эмеспи", - дейт Индонезиялык радикал уюмдун башчысы. Ал Балидеги теракттар болоор замат:"Бул коогалаңды АКШ уюштурду. Муну менен Кошмо Штаттар – эң көп мусулмандар жашаган Индонезияда да террорчул уюмдар бар экенин көрсөткүсү келген", - деп билдирген.

Эксперттер Индонезияда Батыш жарандары менен христиандарга каршы кол салуулар илгертен болуп келгенин эске салышат. Былтыр Кристмасс майрамы учурунда эле өлкөнүн чыгышында жашаган христиандарга каршы кол салуулар 18 адамдын өмүрүн алган. Андан сырткары Индонезиялык радикал уюмдар Чыгыш Тимордун өз алдынча бөлүнүп, быйыл май айында Улуттар уюмунун колдоосу алдында көз карандысыздыкка жетишкенине да терең нааразы. Чыгыш Тимордогу бейпилдикти Улуттар уюмунун Австралиялык аскерлер баштаган көп улуттуу күчтөрү көзөмөлдөйт. Андан улам, австралиялык туристтер эң көп жабыр тарткан ишемби күнкү теракттарга бул жагдай да түрткү болушу мүмкүн экени айтылууда. Балидеги жардырууларга Ал-Каиданын тиешеси бар деген пикирди колдогондор азырынча башкы далил катары мындан 4 ай мурун Усама бин Ладендин эң жакын шакирттеринин бири дал ушул Индонезияда кармалганын бетке кармашууда. Кошмо Штаттардын чалгындоо Башкармалыгы Ал-Каида уюмунун далай активисттери Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө колго түшкөнүн кошумчалайт. Анысы кандай, Индонезиядагы жардыруулардан кийин дагы башка чабуулдардан чочулап, коңшулаш Малайзия, Сингапур, Филиппиндер коопсуздук чараларын күчөткөнүн жарыялашты.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG