Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:23

АКШда көзгө атар кылмышкердин огунан 9 киши набыт болду


Дүйшөмбүдө кечинде АКШнын Вирджиния штатында дүкөндөн чыгып бараткан аялды белгисиз бирөө атып кетти. Полиция бул окуяны акыркы 12 күн ичинде Кошмо Штаттарда 8 кишини атып-өлтүрүп, экөөнү жарадар кылган көзгө атар кылмышкер менен байланыштырууда.

Полициячылар өз ара "Вашингтондук снайпер" деп атап алган көзгө атар кылмышкер, же кылмышкерлер тобу 2-октябрдан бери АКШнын Вашингтон, Мэриленд жана Вирджиния штаттарында ушуну менен 9 кишини атып-өлтүрүп, эки адамды жарадар кылды. Мындан эки апта мурун эң алгач Вирджиния штатындагы газ толтурчу станциялардын биринде 53 жаштагы алты баланын атасын жанынан өтүп бараткан машинеден атып-өлтүрүп кетишкен. Эми ушул эле штаттагы үй-тиричилик буюмдары сатылчу дүкөндүн алдында орто жашар аялды да обочодогу машинеден белгисиз бирөө мээлеп, чыкыйга атып-өлтүрдү. Окуя болоор замат, Вашингтондон жеңил машинеде 1 саатта жетип барчу аралыктагы аянтты полиция жерден жана асмандан тегерете курчоого алып, күбөлөрдүн маалыматы боюнча, ачык түстүү фургон машинелер менен жүк ташуучу унаалардын ар бирин токтотуп-текшерип жатты. Жергиликтүү полиция жетекчиси Том Манжер басма сөз жыйынында буларды билдирди. "Бүгүнкү окуянын жакынкы күндөрдө ушул аймакта болгон киши өлтүрүүлөргө байланышы бар экени шексиз. Кылмышкердин огунан каза тапкан аял – Вирджиниялык 47 жаштагы Линда Франклин экени аныкталды", - деп маалымдады полиция башчысы.

Аял-эркегине, улутуна, же курагына карабай, бутага алган бул кылмыштардын артында ким турганы, же ал кандай максатты көздөөрү – азырынча белгисиз. Күйөөсү менен сатып алган товарларын машинесинин артына жүктөп атып-окко учкан Линда Франклин, же андан мурун, 4-октябрда көчөдө баратып жараат алган жаш келин, мектепке кирип бара жатып, ийнине ок тийген өспүрүм жана булардан башка ар түрдүү курактагы эркектер эмне үчүн ал кылмышкердин тизмесине кирип калганы аныктала элек.

АКШ президенти Джордж Буш өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтып, бул окуялар аны терең кайгыга салганын билдирди. "Энелери балдарын мектепке жибергенден коркуп, киши өлтүргүчтөн калкалап отурган өлкө - бул мен билген Америка эмес", - деп айтты президент Буш. Көзгө атар кылмышкер изин калтырган штаттарда мектептер жабылган жок, бирок, балдар мектепке кирген бойдон сабактары бүтмөйүнчө чыкпай, эшикке чыгып ойнобой, дене тарбия сабактары таза абада өтпөй калганы кабарланууда. Ал эмес, чоң кишилер да дубалдары айнектен куралган ден-соолукту чыңдоо борборлоруна, газ станцияларына баруудан чочулап калганын айтышат. Полиция өкүлдөрү соңку окуяларды өз көзү менен баштан-аяк көргөн бир нече күбөлөр бар экенин, алардын айткандары – кылмышкер тууралуу үзүл-кесил маалыматтарды байытканын билдирип, тергөөнүн кызыкчылыгында аларды ачык айтуудан баш тартууда. Ошентсе да, маалымат каражаттары өз булактарына таянып, Балтимор шаарынын полициясы ак түстөгү фургонду кармаганын, анын ичинен снайпердин октолгон мылтыгы жана башка курал-жабдыктары табылганын билдиришти. Андан тышкары ал машинеде төлгө салуучу карталар да бар экен, карталардын артына "Америкадагы жихад" деп жазылганын АКШлык НВС телеканалы маалымдайт. Журналисттер кабарлагандай, машиненин ээсин полиция суракка алды, бирок бул табылга 12 күн ичиндеги киши өлтүрүүлөргө канчалык тиешеси бар экени дале бүдөмүк.

Дагы бир маалымат булактары киши өлтүрүү болгон жерге жетип барган полициячылар артына: "Урматтуу полициячы, мен кудаймын" деп жазылган карта таап алганын кабарлашты. Гезиттер жазгандай, азырынча жалгыз ок менен кишинин жанын алчу көзгө атар кылмышкер машинесин газ станцияларында токтотоору, о.э. ал карталардын жардамы менен төлгө салууга маш экени анык.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG