Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:51

Ортолук жана чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү маң заттарын керектөө


Кечээ жакынга чейин Азиядан Батыш Европага маң заттарын ташууда өткөөл катары болгон Ортолук жана Чыгыш Европа өлкөлөрү ушу тапта маң заттарынын, анын ичинен героиндин кара базарына айланган.

Герион жана башка наркозаттарды ийне аркылуу алуу Балтика өлкөлөрүндө адамдардын имундук системасын начарлатуучу ВИЧ инфекциясынын кескин көбөйүүсүнө себеп болгонун Евросоюздун маң заттарга каршы күрөшүү боюнча Португалияда жайгашкан агенттигинин соңку изилдөөсү тастыктайт.
Бул Ортолук жана Чыгыш Европанын ЕСке талапкер өлкөлөрүндөгү баңгичилик жөнүндөгү биринчи иликтөө.
Агенттиктин ЕСке талапкер өлкөлөр боюнча менеджери Алексис Гусдил изилдөөнүн зарылчылыгын мындайча түшүндүрөт: “Биринчиден, изилдөө ачык маалыматтардын негизинде жүргүзүлдү.Акыркы төрт- беш жылда ЕСке талапкер өлкөлөрдө жалпы жонунан маң заттарын колдонуу көбөйдү. Экинчиден, талапкер өлкөлөрдө Евросоюзда эбак белгилүү героинге катар Екстази, амфетамин сыяктуу синтетикалык жаңы наркозаттарды пайдалануу өсүп жаткандыктан, биз салттуу жана жаңы заттарды колдонууну тең изилдедик”.

Изилдөөгө караганда, туруктуу маң заттарын колдонгон адамдардын саны талапкер өлкөлөрдө ЕСке мүчө өлкөлөргө салыштырганда ылдам көбөйгөн жана алардын көпчүлүгү жаштар. Марихуана жана экстази, Ел-ес-ди сыяктуу синтетикалык заттарды керектөө да чөлкөмдө кескин өскөн. Болгария, Чехия жана Словенияда ЕС өлкөлөрүндөй эле баңгилер элдин 0,5 процентин түзсө, Литва, Латвия жана Эстонияда бул көрсөткүч эки эсеге жогору.

Чехия, Словакия жана Мажарстанда бейөкмөттүк уюмдардын үзүрлүү аракетинен улам, ВИЧ инфекциясына чалдыккан адамдардын саны аз. Чехиянын Медициналык изилдөөлөр борборунун баш адиси Томас Забранскийдин сөзүнчө: “Жалпы жонунан алганда, ВИЧ илдети жуккан адамдардын саны Чехияда Батыш Европа, Америка жана Австралияга караганда бир топ аз. Маң заттарын колдон элдин санына алганда да, бүгүнгө чейин бардыгы 22 адам ВИЧ илдетине чалдыккан”.

Анын себеби, ЕСтин изилдөө борборунун адиси Гусдилдин айтышынча, Чехияда наркозаттарды колдонууну көзөмөлдөө, баңгичиликтин алдын алуу жана дарылоо ЕСке мүчө айрым өлкөлөрдөн да жакшы жолго коюлганы менен түшүндүрүлөт.

Европа союзу 2000- жылы уюмга талапкер өлкөлөрдүн маң заттарына каршы күрөшүү аракетин координациялоо максатында жана жер- жерлерде маалымдоо борборлорун түзүү үчүн 2 миллион доллар чегерген. Ошол долбоордун алкагында Румынияда баңгичиликке каршы күрөшүү боюнча атайын бригадалар түзүлгөн. 22 миллион элдүү Румыния Балкандан Батыш Европага маң заттарын ташыган аткезчилердин кан жолуна айлангандыктан, мындай бригадаларды түзүү өтө маанилүү.

Жаңы демилгенин башчысы Михай Ангелдин сөзүнө караганда: “Баңгиликке каршы күрөшүү бригадасы 2001- жылы негизделген маң заттары боюнча улуттук маалымдоо борбору менен иштешип, Саламаттык жана Билим берүү министрликтеринен да маалымат чогултат. Маалыматтардын негизинде бүтүм чыгарылат. Маселен, үстүбүздөгү жылдын алгачкы айларында 3196 киши маң заттарын туруктуу колдонору аныкталды”.

Улуттук жана эл аралык кызматташуунун натыйжасында, Румын бийликтери маң заттарын кармоону бир кыйла жакшырткан. 2000- жылы Румынияда 37 кило героин кармалса, 2002- жылдын 9 айында 44 тонна героин кармалды, -деп билдирет Михай Ангел.

XS
SM
MD
LG