Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:15

Иракты куралсыздандыруу боюнча ООНдун Коопсуздук кеңешиндеги таймаш


АКШ менен Британия ООНдун Коопсуздук кеңешине сунуш кылып жаткан резолюцияга ылайык, Ирак эл аралык аскерий инспекция менен кызматташуудан баш тартып, өзүнүн массалык кыргын салчу куралдарын жок кылбай жаткандан кийин, Коопсуздук кеңеши Иракка каршы токтоосуз сокку урганга уруксат бериш керек.

Россия жана Кытай президент Саддам Хуссейндин ООНдун аскерий эксперттери менен кызматташуусу жана азезил каруу жарагын жок кылуусу үчүн акыркы мүмкүнчүлүктү берүү керек дешип, Франция сунуш кылган резолюцияны жакташууда. Франциянын сунушу боюнча, Саддам эч кандай ийкемге келбесе гана, Коопсуздук кеңеши Иракка каршы согуш ачууга макул болушу шарт.

АКШлык дипломаттар Францияны өз тарабына тартуу үчүн, өткөн аптада “Саддам эгер инспекция менен кызматташпаса, Иракка каршы бардык зарыл чаралар колдонулсун” деген сүйлөмдү резолюциядан алып салууну, лекин, Саддам дале көшөрө берсе, эч кандай уруксатсыз эле Иракка сокку урулсун деген сунушту киргизти. Франция ага да көнбөдү.

Франция премьер- министри Жан- Пьер Раффарьен дүйшөмбү күнү АКШнын Иракка бир тараптуу кол салуусуна Париж каршы экенин кайталап, президент Бушту бул иште “коллективдүү коопсуздук” принцибин карманууга чакырды.

Коопсуздук кеңешинин вето укугуна ээ беш мүчөсү: АКШ, Франция, Россия, Кытай жана Британия ортосунда Ирак боюнча кабыл алынчу жаңы резолюция боюнча тынбай сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

Ошол эле учурда, АКШ президенти Буштун өкүлү Ари Флейшердин айтымында, кокус согуштук аракеттер башталса, Ирактын ыдырап кетүүсүнө АКШ жол бербейт жана аны болтурбоо үчүн:“АКШ...эл аралык коалиция менен иштешүү, Улуттар Уюмунда активдүү иш жүргүзүү, аскерий- граждандык мекемелер аркылуу стабилдүүлүккө жетишүү шарт деп санайт”,- деп билдирген өткөн жума күнү.

Британиянын ООНдогу элчиси Жереми Гриинсток дүйшөмбү күнү Генералдык ассамблеяда сүйлөп, ООНду Ирактын эл аралык мыйзамдарды кайра- кайра бузуусуна каршы чечкиндүү чара көрүүгө чакырды. “ООН катаал чара көрсө, ООНдун инспекторлору Иракты мүмкүн болчу куралсыздандырууда кубаттуу вазийпага ээ болмок”,- деп түшүндүрдү Гриинсток мындай чаранын зарылдыгын.

Бирок, ООНдо иштеген дипломаттардын сөзүнө караганда, Иракка каршы күч колдонуу жөнүндө Британия менен АКШ сунуш кылып жаткан резолюцияны Коопсуздук кеңешине мүчө 15 өлкөнүн ичинен Франция, Россия, Кытайдан башка Сирия, Ирландия, Мексика, Камерун, Гвинея жана Маврикий колдобойт.

Резолюцияны бекитүү үчүн, аны Кеңештин тогуз мүчөсү жактап, вето укугуна ээ беш өлкө ага каршы чыкпашы абзел.

ООНдун баш катчысы Кофи Аннан да Британия менен АКШнын сунушун жактабайт. Аннандын өкүлү Фред Екхарддын билдиришинче:“Кофи Аннан Коопсуздук кеңешинде биримдиктин болуусуна ар качан чоң маани берип жүргөн. Ошондуктан, менин оюмча, ал дагы бир жолу Кеңештин жалпы бир саясатты тутунуусу Улуттар уюмунун узак мөөнөттүк саясатына жооп берерин ырастап кайталайт”.

ООНдун баш катчысы Кофи Аннандын айтымында, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү эки баскычтуу резолюция кабыл алууну каалашат. Тактап айтканда, адегенде инспекторлор Иракка жөнөтүлөт да, алар өз милдетин аткара албаса же аларга коркунуч туулса, өлкөдөн чыгып кетишет да, ошондон кийин гана, Коопсуздук кеңеши жаңы резолюция кабыл алышы шарт.
XS
SM
MD
LG