Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:33

Каспийдин мунайы үчүн атаандаштык


Жаныл Чытырбаева Өткөн айда Азербайжандын баш калаасынан Грузия аркылуу Туркиянын Жейхан портун көздөй мунай ташуучу куурдун курулушу башталды. Ошону менен, Каспий деңизинин энергетикалык байлыктары үчүн ат салыштын дагы бир айлампасы соңуна чыкты.

Мындан бир ай өтө электе, аймактаргы экономикалык жана саясий таасир үчүн күрөшкөн ири атаандаштар келерки айлампага шымаланып кам көрө башташты. Ушул маселе сентябрда Грецияда өткөн конференцияда сөзгө алынды, анда Каспий мунайы үчүн ат салыштын жүрүшүнө көз жүгүртсөк. Микрофондо Жаңыл Жусубжан.

Грецияда, Европалык жана Тышкы саясат боюнча Эллинисттик Кор сүрөөнгө алган конференциянын катышуучулары жаңы курула баштаган Бакы-Тбилиси-Жейхан куурунан башкасына каражат табуу кыйын болоорун бир ооздон белгилешти. Алардын көз карашында, бул негизги куурга кошумча курула турганы экспорттук унаа системасын тең салмактоого кызмат өтөшү керек. Бирок, мындай кошумча куурдун кайсы багытта болоору аныктала элек, ушундан улам, аймактык жана дүйнөлүк державалардын ортосундагы кыйла курч атаандаштык али алдында деп жоромолдосо болот.

Мына ушул экинчи, али курула элек куур боюнча сунуштарды карап көрсөк. Казакстан Кытай менен Каспийден Тынч океанга баруучу мунай жол салууга убадалашкан. 5 жарым миң чакырым келген бул куурга 8 млрд доллар каражат талап кылынмакчы. Буга салыштырмалуу Бакы-Тбилиси-Жейхан жолу болгону 1 миң 760 чакырым. Платтс Глобал Энержи деп аталган маалымат кызматынын редактору Жонн Роберсттин айтымында, Кытай жолунун чыгымын акташ үчүн, Казакстан күнүгө 400 миң баррел мунай эксопорттоп турушу керек. Мынча көлөмдөгү мунайды ташуу үчүн, Орусия да жардамга келиши зарыл. Бирок, Роберстин ишениминде, мындай үч тараптуу долбоорду ишке ашыруу жеңил болбойт.

Каспий мунайын түндүк жана түштүк багыттарында ташууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Франциянын ТоталФиналЕлф компаниясы Казакстандын мунайын Түркмөнстан аркылуу Иранга ташууну сунуш эткен. Бирок буга Америка Кошмо Штаттары макул эмес. Казак мунайын ошондой эле түндүктө Орусияга же Батышта Кара деңизге экспорттоо мүмкүн. Вашингтон мурдатан Каспийдеги Тенгиз кенинен Новороссийскиге мунай ташууну колдогон. Бирок , чечен согушуна байланыштуу бул жолдун да багы ачылбай келатат.

Грециядагы конференцияда Орусиянын Каспий боюнча баш өкүлү Виктор Калюжный Болгариянын Бургас портун Грециядагы Александраполис порту менен бириктирген жолду сөз кылды. Кара деңизди Жер ортолук деңизи менен бириктирген бул жол аркылуу / казак жана орус мунайын Батыш Европага жеткирүү мүмкүн. Бирок, конфенрецияга катышкан мартабалуу Болгар дипломаттары мындай долбоорго жетиштүү каражат жок экендигин моюнга алышты. Калюжный ошондой эле мунай-газды Ооганстан аркылуу ташуу идеясына кайрылды, бирок эскперттер Ооганстандагы, жалпы эле Түштүк азиядагы саясий бейстабилдүүлүк / инвесторлордун колун байлап жаткандыгын эскертишти.

Ооганстан, Пакистандагы кырдаал / унаа жолдорунун коопсуздугун кепилдөө маселесине кайрылууга мажбурлайт. Оксфорд университетинин Эл аралык Изилдөөлөр борборунун улук кызматкери Рой Алисон кендирди кескен жаңжалдарды жөнгө салууда эл аралык уюмдарды чечкиндүү аракеттенүүгө чакырды. Ал "Бириккен Улуттар уюму, Европадагы Коопсуздук жана Кызматташттык уюму, НАТО өңдөнгөн уюмдар чогуу-чараң аракеттенсе, келечекте Грузия аркылуу өткөн эскпорттук жолдор коопсуз болот" деген үмүтүн билдирди.

Жыйында инвесторлордун да, импорттоочуларды да канааттандыруу үчүн, "Дружба" системасы сыяктуу иштеп жаткан жолдорду жакшыртуу жетиштүү болушу мүмкүн экендиги да белгиленди.

Акырында айта кетүүчү нерсе, эл аралык пландоочулар Европа Шериктештигинин кеңейиши менен да эсептешүүгө тийиш. Шериктештикке жаңы өлкөлөр кабыл алынып бүткөндөн кийин, Европанын чек арасы Кара деңизге чукулдап келет. Демек Шериктештик Чыгыш Европадагы аймактык жаңжалдарды жөндөөнү, жакырчылык маселесин чечүүнү өз мойнуна ала баштайт. Бириккен Европа ошондой эле Каспий деңизинин энергетика байлыктарынан өз үлүшүн алып калууга умтулаары шексиз.
XS
SM
MD
LG