Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:46

Ооган коомчулугундагы Батыштын таасири тууралуу талаштар


Өткөн жылы талибан бийлиги кулагандан бери оогандыктардын жашоо-турмушу кыйла өзгөрүүлөргө туш болду. Талибдер учурунда тыюу салынган кыймыл-аракеттер акырындап жанданып, турмуш өз нугуна түшө баштады. Телевизордон түрдүү кинолор, реклама, оюн-зооктор көрсөтүлүүдө, ошол эле учурда, коомдо Батыштын терс таасиринен коргонуу тууралуу талкуу кызуу жүрүп жатат.

Талиптер учурунда оогандык кыздар мектепке барбай, аялдар көчөдө күйөөсү, же жакын тууганы коштомоюнча, жалгыздап баса албай калганы көпчүлүккө маалым. Андан тышкары бардык оогандыктарга Батыштын киносун көрүп, музыкасын угууга, о.э. китеп-гезиттерин окууга катуу тыюу салынган болчу. Чет элдик музыканы угуп атып кармалган киши 7 күнгө, ал эми киносун көрүп отуруп колго түшкөн адам 20 күнгө түрмөгө отургузулмак. Азыр эми андай катаал эрежелердин баары алынып салынды, утурумдук ооган өкмөтү өлкөнү демократиялык өнүгүү багытына бурганын жарыялап, Батыштын баалуулуктарын жайылтып жаткан кез.

Кабулдагы чоң базарга баш баксаңыз, Батыштын киносу менен музыкасы жаздырылган аудио-видеокассеталар, дисктер, электрондук оюндар жайнап сатылып атканына күбө болосуз.

Чукул бурулуш жасаган ооган комчулугунда бирок, соңку кездери бардыгын каптап келаткан Батыштын таасиринен сактануу, улуттук мүнөз, каада-салттарды кармануу тууралуу кептер көбүрөөк козголо баштады. Айрым байкоочулар бул маселеде ооган коомчулугу катаал консервативдик көз караштагылар менен орточо, токтоо агымдын өкүлдөрү болуп экиге бөлүнүп калганын айтышат. Кабул университетинин исламды изилдөө факультетинин окутуучусу, профессор Абдул Башир Фазли өзү көп жыл Америкада жашап келгени менен, консервативдик көз караштагылардын таламын коргоорун жашырбайт. "Менимче, өз жашоосунда өзгөчө кырдаалга туш болгон оогандыктар - Батыштын кинолору менен рекламалары өңдүү абсурд көрүнүштөр – биздин коом үчүн жат нерселер экенин аңдап-билип калышты", - дейт Кабулдук профессор Фазли. Кошмо Штаттардагы Жорж Вашингтон университетинин бүтүрүүчүсү катары ал ооган эли алдыңкы өлкөлөрдүн айрым жетишкендиктерин өздөштүрүүгө муктаж экенин кошумчалайт. "Ооган калкы Батыштын илим жана технология жаатындагы жетишкендиктеринен эбегейсиз пайда табаарында шек жок. Мисалы, биздин университеттерде компьютерлер жок. Талиптер компьютерге да тыюу салган эмеспи", - деген профессор Фазли бирок, сөз жана дин эркиндиги өңдүү Батыш дүйнөсүнүн башкы баалуулуктары Ооганстандын исламий салттарына туура келбээрин белгилейт. Ал эмес, ал талиптер Шариатка ылайык колдонгон уурулук үчүн колун кесип салуу жазасын сактап калуу керек деп эсептейт.

Катардагы миңдеген оогандыктар болсо, мындай катаал жазалоого каршы жана көптөн эңсеген эркиндикти чектебей, кеңири жайылтуу зарыл деген пикирде. Расмий бийлик тараптагылар талиптердин таасиринен арылганын көрсөткүсү келип, кагаз жүзүндө ар нерсеге тыюу салгандан карманат, бирок, айрым учурларда бейрасмий түрдө кайсы бир көрүнүштөрдү ооздуктоодон качпайт. Анысы кандай, Кабулдагы базарда электрондук буюмдарды сатып отурган Шакир жазында полициячылар келип, видео-оюндардын баарын чогултуп кеткенин айтат. "Полиция мындан ары видео-оюндар сатылбаарын айтып, балдар аларга азгырылып, мектепке барбай калганын, о.э. бул оюндар балдардын аң-сезимин бузаарын бетке карманды. Ошондон тарта базарда видео-оюндар сатылбай калды, биз аларды ташыганды токтоттук", - дейт Шакир нааразылана. Чет элдик журналист балдардын видео-оюнундарына качан тыюу салынганын сурап, өкмөткө кайрылса, расмий бийлик өкүлдөрү андай документ жок экенин айтышат. Август айында телевизордон Индиялык аялдардын ырдап-бийлегенин көрсөтүүгө тыюу салынып, кийинчерээк алынып салынган. Тактап айтканда, ырчы-аялдар дагы эле көргөзүлбөйт, бирок Индиялык эркек-музыканттардын концерттери байма-бай тартууланып турат. Антип, утурумдук ооган өкмөтү, же полициясы болобу, айрым көрүнүштөргө тыюу салганы менен, базардагылар аларды жең ичинен мурдагыдан да көбүрөөк сатып жатканын айтышат. Алар керек болсо, мындай көмүскө сооданы талиптер да тыя албаганын курсанттана белгилешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG