Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:15

Түндүк Корея ядролук программасын тымызын улантып жатканын ырастады.


Түндүк Кореянын бийликтери 1994-жылы өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерине кара- бай өлкөдө ядролук программаларын улантып жаткандыгын моюнга алышты. Бул тууралуу алар жакында Пхеньянда болуп кеткен Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысынын орунбасары Жеймс Келлиге маалымдашкан. Пхеньян азырынча бул кабарга эч кандай комментария бере элек. Түштүк Корея менен Япония буга байланыштуу олуттуу камтамачылыгын билдирип, Пхеньян менен мамилелерин нормалдаштыруу планын кайра карап чыгышы ыктымал экендигин эскертишти. Япониянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми бул Токио менен Пхеньяндын ортосундагы гана проблема эмес экенин, андыктан Япония Кошмо Штаттары менен консультацияларды өткөрө тургандыгын билдирди. Евросоюз да Пхеньянга көрсөтүп жаткан финансылык жардамдарын токтотушу мүмкүн экендигин эскертти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG