Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:54

Жорж Буш Иракка каршы күч колдонууга конгресстен укук алды.


Кошмо Штаттардын президенти Жорж Буш Иракка каршы күч колдонууга укук алган резолюцияга кол койду. Резолюция конгресстин эки палатасында тең жактырылган эле. Ак үйдө резолюцияга кол койгон соң Буш дүйнөлүк лидерлерди Саддам Хусейндин режими менен күрөшүүдө Кошмо Штаттарына колдоо көрсөтүүгө чакырды. Ошол эле учурда ал Багдадга каршы күч колдонуу кажет болбой калышы да мүмкүн экенин белгиледи. Буш дагы бир жолу ООНдун коопсуздук кеңешин Иракка байланыштуу катаң талаптарды камтыган жаңы резолюция кабыл алганга чакырды.

XS
SM
MD
LG