Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Россия Ирак боюнча жаңы резолюцияда инспекторлорго кепилдиктер берилиши керек деп эсептейт.


Россиянын тышкы иштер министри Игорь Иванов менен АКШнын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл менен телефон аркылуу Ирак проблемасын талкуулашты. Мунун соңунан орус министри ООНдун баш катчысы Кофи Аннан менен да телефон аркылуу сүйлөштү. Ивановдун айтымында, коопсуздук кеңешинин жаңы резолюциясы инспекторлордун Иракта иштешин кепилдиктерди берүүгө тийиш, бирок ал Багдадка каршы автоматтык түрдө күч колдонуу дегенди билдирбеш керек. Кокус резолюцияда Иракка сокку уруунун укуктук механизмдерин түзгөнгө аракеттер жасалса, анда бул Ирак проблемасын жөнгө салууга жардамдашпайт, деп айтты Иванов.

XS
SM
MD
LG