Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ӨЗӨКТҮК КУРАЛ МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП 16-октябр күнү кечинде Америка кошмо штаттары: Түндүк Кореянын жетекчилиги өзөктүк курал өндүрүү программасын токтотпогондугун жакында мойнуна алды, - деп билдирди. Вашингтондогу кээ бир эксперттердин айтымында, бул жаңылык АКШнын тышкы саясатында кризис жаратышы мүмкүн. 16 октябр күнү эки америкалык дипломат консультация өткөрүү максатында Кытай, Жапания жана Түштүк Кореяга аттанды.

1993-жылы Түндүк Корея - Өзөктүк куралды жайылтпоо боюнча эл аралык келишимден чыгып кеткен жана узакка уланган сүйлөшүүлөрдөн кийин, 1994-жылы Женева шаарында АКШ менен Түндүк Корея ортосунда өзүнчө келишим түзүлгөн. Ал келишим боюнча, өзөктүк курал өндүрүү прораммасы өлкөдө токтотулмак жана ага жооп иретинде АКШ Түндүк Кореяда электир кубатын өндүрүүчү эки өзөктүк реактор курууга жана өлкөгө башка эл аралык жардамдын келишине көмөктөшмөк.

94-жылы кол коюлган келишим аткарылбагандыгын Түндүк Корея жетекчилиги - Пхеньян шаарында 3-5-октябр күндөрү өткөрүлгөн сүйлөшүү учурунда айткан. Анда Түндүк Кореяга АКШ мамлекеттик катчысынын орун басары Джеймз Келли келген жана дипломаттардын айтымында, ал жарыя бир топ орой түрдө жасалган. Кандай болгондо да, Америка кошмо штаттары Иракка каршы аскерий сокку урууга даярданып, эл аралык коомчулуктан колдоо издеп жатканда, Түндүк Корея маселеси да чыкканы америкалык тышкы саясатка кошумча түйшүк болот. Вашингтон бул маселе тууралуу эки апта бою эч нерсе деп айтпаганы да ага өзүнчө белги. 16-октябр күнү болсо, Жапания, Кытай жана Түштүк Кореянын жетекчилери менен бул маселени талкуулоо үчүн, мамлекеттик катчынын эки орун басары - Джон Болтон дана Джеймз Келли учуп чыгышты.

Кытай өз пикирин ачык билдире элек, Жапаниянын премьер-министри Дзюнитиро Коидзуми жана Түштүк Кореянын президенти Ким Дэ Чжуң Түндүк Кореянын саясатын катуу сынга алды. Коидзуминин айтымында, маселе өтө орчундуу: "Бул - Жапания менен Түндүк Корея ортосундагы гана маселе эмес. Өзөктүк куралдын жайылып кетүү маселеси жана АКШнын тынчсыздануусу абдан орчундуу. Жапания жалгыз ал маселени чече албайт жана Америка кошмо штаттары менен тыкыз кызматташууга тийиш".

Мындан бир ай мурда, сентябрдын 17-де Коидзуми Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ир менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы мамилелерди талкуулаган. Анда Ким Чен Ир - 70-жылдарда Түндүк Кореянын коопсуздук кызматы ондон ашык жапан жаранын уурдап кеткенин мойнуна алган жана бир топ башка да маселелер талкууланып, эки өлкө ортосунда кызматташуу келишимин түзүү мүмкүнчүлүктөрү дагы каралган. 29-30-октябрда Малайзияда өтүүгө белгиленген эл аралык жыйында Түндүк Корея менен Жапания сүйлөшүүлөрү уланууга тийиш болчу.

Кээ бир америкалык дипломаттар Түндүк Кореянын жарыясын: анын жетекчилиги ачык саясат жүргүзүүгө өткөнүнүн белгиси, - деп да баалоодо, бирок анда Пхеньяндын жаңы саясаты бир топ олдоксон түрдө башталууда. АКШ президенти Джордж Буш Америка элине үстүбүздөгү жылдын 29-январында жасаган кайрылуусунда Ирак, Иран жана Түндүк Кореяны бириктирип, аларды "балакеттин үчилтиги" деп атаган. Чындап эле, Түндүк Корея кеңири кыруучу курал өндүрүүгө далалаттанган мамлекет жана эксперттердин айтымында, өлкөдө бир өзөктүк бомба чыгарууга жетиштүү тазаланган уран топтолгон.

Андай өзөктүк дүрмөттү бутага жеткирүү үчүн Түндүк Кореяда ракеталар да бар. 1998-жылдын 31-август күнү Түндүк Корея андай куралын сыноо иретинде эч кимди эскертпестен Жапания аралынан ашырып, Тынч океанга ракета атып бүт дүйнөнүн жүрөгүн түшүргөн. Ошол эле учурда, мамлекеттик каражаттын баары аскерий өндүрүш менен тыңчылыкка кетип жаткандыктан, Түндүк Кореяда акыркы мезгилде ар жыл сайын ачкачылык жана өлкө эли андан кырылып калбас үчүн, кошуна мамлекеттер ага такай гуманитардык жардам берүүгө аргасыз. Кеңири кыруучу куралга ээ болууну саясатынын башына койгон Ирак дагы ал максатка - өз элин ачкачылыкка такап умтулууда.
XS
SM
MD
LG