Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

Эки аптадан бери Вашингтондо адамдарды атып өлтүрүп жаткан снайпер-террористти кар моо үчүн Кошмо Штаттардын коргонуу министрлиги полицияга бир кайгоол самолет бөлүп берүүнү чечти.


Дүйшөмбү күнү снайпердин колунан мерт болгон аял, кечээ аныкталгандай, ФБРдын аналитиги экен. Ал кесипкерлик иши үчүн террористтин кароолуна илиндиби, бу жөнүндө полициянын азырынча эч кандай түкшөмөлү жок. Бирок бул окуяны көрүп калган киши лер террористтин машинасынын номерин, спайпердин түспөлү жөнүндө полицияга кабарла шкан. Бу маалымат анын изине чыкканга жардамдашат дешет. Жалпысынан тогуз киши снайпер-террористтин колунан мерт болду, дагы эки киши оор жаракат алды.

XS
SM
MD
LG