Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Өткөн түнү чыгыш Ооганстанда америкалык аскер базасы аткыланды.


Лвардагы лагерге бир нече ракета келип тийди, аскерлер арасында жабыркагандар жок. Алеки заматта асманга көтөрүлгөн согуш самолеттору базага жакын жерде катуу ылдамдыкта бараткан машинага сокку урушту, андан ыргып түшкөн эки киши кармалды. Коопсуздук жүйөөсүнөн улам ООН мындан үч күн мурда өз самолетторуна Кабулга учуп келгенге тыюу салган эле, бирок бүгүн авиарейстерге уруксат берилди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG