Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Балидеги террордук ишти иликтеп жаткан полиция окуя болгон жерден пластик бомбанын калдыктарын тапты.


Мындай бомбаны жан кечти террорчу мындан эки жыл мурда Йеменде америкалык согуш кемесине кол салган учурда пайдаланган. Бул окуя үчүн жоопкерчиликти анда аль-Каида өзүнө алган эле. Индонезиянын бийликтери аль-Каиданын Балидеги террорго да тиешеси барлыгын ырастаган таныктарды издөөнү улантууда. Полицияда азыр эки киши сурак берип жатат. Иликтөө иштерине АКШдан, Австралиядан, Британиядан, Германиядан жана Япониядан келишкен тергөөчүлөр катышууда. Балидеги террордон 190 ашуун киши набыт кетти.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG