Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:03

Иракта шайлоочулардын мүлдө баары - 100 проценти президент Саддам Хусейндин бийлик мөөнөтүн дагы жети жылга узартууну колдоп чыгышты.


Референдумга катышкан 11,5 миллиондон ашуун ирактыктар, бийликтердин айтымында, бир кишидей добуш беришти. Референдумга көз карандысыз байкоочулар катыштырылган жок. Ирактагы биринчи референдумда –1995-жылы Хусейн шайлоочулардын 99, 96 процент добушун алган эле. Кошмо Штат тарында Ак үйдүн өкүлдөрү Ирактагы референдумдун өзүн, анын жыйынтыктарын дүйнөдө эч ким олуттуу иш деп эсептебей тургандыгын билдиришти. Саддам Хусейн Иракты 23 жылдан бери армиянын жана полициянын күчү менен башкарып келет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG