Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:13

Кыргызстанда спутниктик телефон байланышы боюнча иш жүргүзгөн «Кател» компаниясы 16-октябрда маалымат таратып, анда беш жылдан бери эл аралык телефон байланыш кызматын көрсөтүү укугу компанияга кайра берилбей жаткандыгына тынчсыздангандыгын жана ал укук тез арада берилбесе Кыргызстандын эл аралык аброюна доо кетерин билдирди.


Ошондой эле компания тууралуу массалык маалымат каражаттарында айтылып жаткан маалыматтарды четке кагып, «Кател» 1994-жылы кыргыз өкмөтү менен АКШлык ТК Тел.ЛТД компаниясы ортосунда түзүлгөндүгүн жана 97-жылы «Кыргызтелеком» менен бирге эле эл аралык телефон байланыш кызматын көрсөтүү укугун алгандыгын кабарлады. 1998-жылы өкмөт «Кыргызтелекомго» эл аралык байланыш кызматын көрсөтүү укугун өзгөчөлөнтүп бергендигин, муну менен өкмөт «Кателдин» укугун бузуп жаткандыгын жарыя кылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG