Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:02

Балкан өлкөлөрү жалпы энергетикалык рынок түзүүдө


Балкан чөлкөмүндөгү сегиз өлкө электр энергиясынын жалпы рыногун түзүүнү мерчемдөөдө. План ишке ашса, электр энергиясынын наркы арзандап, керектөөчүлөрдү тейлөө жакшырат. Ошондой эле, региондун электр кубатына байланыштуу мыйзамдарын Евросоюздун стандарттарына ылайыкташтыруу тездейт. Келечекте жаңы электр станцияларын куруу зарыл болбой калат.

Албания, Босния-Герцеговина, Болгария, Хорватия, Греция, Румыния, Македония жана Югославия электр энергиясынын тең орток рыногун түзүүгө жакын турат.
Түштүк Чыгыш Европадагы стабилдүүлүк пактынын атайын координатору Ерхард Бусек 15- октябрда Тирана шаарында жасаган билдирүүгө караганда, бул кадам региондун электр кубатын иштетүү жана пайдалануу жөнүндөгү мыйзамдарын Евросоюздун стандартына жакындатат; жалпы европалык электр рыногун түзүүнү тездетет.
Балкан электр рыногун түзүү жөнүндөгү келишимге 15- ноябрда Афины шаарында кол коюлмакчы. Жаңы келишим, 8 өлкө өкмөтүн энеретикалык ишканаларды менчиктештирүүгө, демек тышкы атаандашты ички рынокко киргизүүгө милдеттендирет. Жарандар үчүн маанилүүсү- тең орток рынок электр энергиясынын баасын арзандатат жана атаандаштыкты жаратып, тейлөөнү жакшыртарына Батыштын тажрыйбасы айкын далил.
Балкан энергетикалык рыногунун мааниси жөнүндө Ерхард Бусек мындай дейт “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда: “Экономиканын түрдүү тармактарынын ачылышы, келерки жылы 55 миллион калктуу рыноктун пайда болушуна алып барат. Сиз эгерде Европанын ар кайсы өлкөлөрүндөгү экономиканы салыштырып көрсөңүз, эркин соода инфраструктураны өнүктүрүүнүн көп жолунун бири экенине ынанасыз”.
Балкан лидерлери ортосунда бир ай мурда жетишилген макулдашууга ылайык, электр рыногун түзүүгө удаа сегиз өлкө арасында эркин соодалашууга өтүүгө да даярдык жүрүүдө.
Арийне, сегиз өлкөсүнүн орток электр рыногун түзүүсү жана эркин соода режимине өтүүсү Балканга тышкы инвесторлорду тартып, экономикалык проблемаларды чечүүгө көмөктөшөт.
Албаниянын президенти Алфред Мойсюинин айтышынча, Батыш өлкөлөрүнүн регионду жеке калтырбай, өз уюмдары менен өкүлдөрүн региондо туруктуу негизде кармоосу- Балкан өлкөлөрүн кызматташуусуна оң таасир эткен.
“Бүтүндөй регион, анын ичинде ар бир өлкө тышкы капиталды кызыктырып, алга жылып жатканы азыр айкын көрүнүүдө. - дейт Мойсюи.-Улуттар аралык согуш, жаңжал жана чоң кагылышуулардын очогу болгон региондун карым- катнаштын, эки жактуу долбоорлордун аймагына айланып, кызматташуусу тез алагалап баратканы мага Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Маршал планын эске салат”.
1990- жылдары Босния- Герцеговина, Хорватия, Югославия сыяктуу ич ара согушту баштан кечирген жаш мамлекеттердин өз ара кызматташуудан тең орток рыноктү көздөй жасаган кадамы- Балкандагы стабилдүүлүккө бекем негиз болору шексиз.

Жалпы энерегетикалык рынокту түзүү Борбор Азия өлкөлөрү үчүн да өтө зарыл. Бирок, Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан ортосунда бул маселеде узак мөөнөттүк мунаса жок.

Үч республиканын эксперттери Нарын- Сырдарыя бассейинин энергетика жана суу байлыктарын 2002 жана 2003-жылдын алгачкы үч айында пайдалануу боюнча келишимдин долбоорун март айында иштеп чыкканы менен, эки жактуу келишим Бишекек- Ташкент ортосунда гана түзүлгөн.

Азия өнүгүү банкы өткөн жылкы прогнозунда өкүнө баамдагандай, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эркин соодага өтүүсү жөнүндө али сөз жок. Айрым талдоочулардын айтымында, эркин соодалашууга өтүү мамлекеттер аралык чек араларды тактоого жана Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу болот.
XS
SM
MD
LG