Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:29

Президент Буш Ирак резолюциясына кол койду.


Улан Алымкул уулу Кошмо штаттардын президенти Жорж Буш Конгрессте кабыл алынып, ага Иракка карата чара көрүүдө кеңири укуктарды тартуулаган анын ичинде күч колдонууга мүмкүндүк берген резолюцияга шаршембиде кол койду. Бирок Буш документке кол кою салтанаты учурунда сүйлөгөн сөзүндө Ирак проблемасы тынчтык жол менен чечилээрине үмүттөнөөрүн белгиледи.

АКШ президенти Жорж Бушка Ирак маселесинде кеңири укуктарды тартуулаган резолюцияны өлкө Конгрессинин эки палатасы тең өткөн аптада жактырган эле. Конгресстеги талкууларда бир топ кайчы пикирлер айтылды. Бирок акыр аягында резолюцияны колдогондор басымдуулук кылып, сенаттын 77 мүчөсү жактап, 22си каршы болсо, өкүлдөр палатасынын 296 мүчөсү жактап, 133чү каршы добуш берген эле. Шаршемби күнү ошол резолюцияга кол коюп жатып сүйлөгөн сөзүндө президент Буш буларды белгиледи:
" Бул резолюция менен Конгресс күч колдонууга укук берди. Мен күч колдонууга көрсөтмө бере элекмин. Мен күч колдонуу зарыл болбойт деген үмүттөмүн. Анткен менен Ирактан жаралып жаткан коркунучтарды салыштырып караганда, талап кылынган баардык чаралар зарыл ",- деди АКШ президенти Буш.
Буш резолюцияга кол койгон күнү ООНдун коопсуздук кеңешинде Ирак маселеси боюнча ачык дебаттар башталды. Андыктан баяндамачылар бир жагынан Буштун кептерин Иракка белгисиз шарттарда аскерий инспекторлорду жиберүүдөн мурда Улуттар уюмун жаңы резолюциясыны кабыл алуусуна чакырык катары баалашты. Вашингтон ООНдун Коопсуздук кеңешинде да эгер Ирак массалык кыргын салуучу куралдардан арылуу жөнүндөгү талаптарды аткарбаса Багдадга күч колдонууга мүмкүндүк берген резолюциянын кабыл алынышын көздөп жатат. Өлкө президенти Буш белгилегендей аскердик чара Ирак маселесиндеги акыркы арга, Американын максаты дүйнөдөгү тынчтыкка шек келтирген коркунучтарды түп тамырынан бери жою:
"Же Ирактагы режим массалык кыргын салуучу куралдардан баш тартат же Кошмо штаттар тынчтыкты сактоо үчүн режимди куралсыздандыра турган эл аралык коалицияны жетектейт. Эгер кимдир бирөө биздин улуттук чечимден же биздин максаттан шек санай турган болсо жаңылышат,- деди АКШ президенти Буш.
Иракта эл аралык инспекторлор өз ишин 1998-жылы токтоткону белгилүү. Анын алдында алар иштөөгө мүмкүнчүлүк ала алган эмес. Багдад инспекторлорду Американын кызыкчылыгына тыңчылык кылганы үчүн айыптаган. Бирок соңку айларда басым күчөгөнүнө байланыштуу инспекторлорду кайра келүүгө чакырды. Бирок Буш шаршембидеги сөзүндө Багдаддын азыркы кадамын төмөнкүчө баалады:
"Ирак үчүн курал жарак инспекциясынын мурдагы жараяны оюндан да ашып кеткен, бул алдамчылык үчүн жаза колдонулган эмес, ал оюн эми бүттү. Ирак өкмөтүнүн айлакерлиги жана убадалары мындан ары эсепке алынбайт. Режим өз тандоосунан башка нерселерди деле айта берүүгө укуктуу. Алардын тагдыры эми иш жүзүндө эмне кылганына жараша болот",-деп айтты АКШ президенти Жорж Буш ушул аптада Ирак маселеси боюнча Конгресс кабыл алган резолюцияга кол коюп жатып.
Буш андан ары АКШ Иракка эгер бийликке эркиндикти жана элдин жыргалчылыгын көздөгөн өкмөт келсе реформа ишинде жардам берээрин убада кылды. Конгресстин резолюциясы Вашингтон администрациясы Ирак маселесинде Улуттар уюму менен кызматташуусун жактайт. Ага ылайык Буш Конгрессти Ирака карата аскерий операция жүргүзүү чечмине келгени тууралуу 48 сааттын ичинде эле кабардар кылса жетиштүү.
XS
SM
MD
LG