Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:55

Австриянын полициясы кечее кечинде Вена -Зальцбург кара жолу менен уурдалган велосипед минип алып, жол тартып бараткан жеринен Молдовалык эки иммигрант кармалганын билдирет.


19 жашар эгиз жигиттер сентябрь айында Словакиядан Австрияга кирүүгө аракеттенгенде, колго түшүп, Молдовага кайра кайтарылган болчу. Көп өтпөй Австрияга кирүүгө кайрадан аракеттенгенде, бул экөө кармалып, Венадан 60 чакырым жердеги Пөлтөн деген шаарчанын түрмөсүнө камалган. Ачкачылык жарыялаган эки туткун абалы өтө начар болгондуктан, мындан эки күн мурда койо берилген болчу. Алар Католик чиркөөсүнүн жатаканасына конуп, ал жерден уурдалган велосипеттер менен Германияны карай бараканда, кармалышты.

XS
SM
MD
LG