Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:49

"Көгүлтүр агым " газ куурунун курулушу аяктады.


Улан Алымкул уулу Жакында Түркияда бир бөлүгү Кара деңиздин түбү аркылуу өткөн иири газ куурунун курулушу аяктаганы белгиленди. Аталган долбоор боюнча Орусиядан чыккан көгүлтүр отту түз эле Түркияга андан ары европалык өлкөлөргө жеткирүү каралган. Бирок, бир катар эксперттер Түркияга топтолгон ашыкча газды сатып алуунун түрдүү жолдорун караштырып жаткан Европа мамлекеттерине бул газ кууру бир нече жылдан кийин гана пайда берэээрин белгилешүүдө.

"Көгүлтүр агым " деп аталган газ долбоорун ишке ашырууну Түркиянын жана Орусиянын өкмөттөрү 1997- жылдын соңунда кол коюлуп, жыйырма беш жылга эсептелген келишимде макулдашкан. Ага ылайык Орусиядан Түркияны көздөй, бир бөлүгү Кара деңиздин түбү аркылуу өткөн, жалпы узундугу 1400 чакырымдык газ кууру төшөлмөк. Долбоордун наркы - 3 миллиард 200 миллион доллар. Өткөн жекшемби күнү Түркиянын Самсун портунда болгон салтанатта өлкөнүн энергетика министри Зеки Чакан өз колу менен аталган газ куурунун эки секциясы кошулган жерди ширетти. Ошентип, Орусия менен Түркияны байланыштыруучу газ магистралынын курулушу аяктаганы жарыяланды. Быйыл декабрь айында андан алгачкы көгүлтүр от жиберилгенге чейин Орусиянын Газпром компаниясы газ куурдун тоо аркылуу өткөн эки чакырымдык бөлүгүн төшөөнү бүтүрүшү керек. Орусия менен Түркиянын эсебинде " Көгүлтүр агым " газ кууру кубаттуулугу боюнча жылына 16 миллиард куб газ өткөрө алат. Бул чек багындырылуучу мезгил катары 2008-2010 - жылдар аталууда
Түркияда долбоордун аякташы чоң окуя катары каралды. "Анадолу " жаңылыктар агенттиги энергетика министри Зеки Чакандын :
"Кезинде көптөр бул долбоордон шек санап, кыялдануу деп аташкан. Бирок, ал ишке ашырылды. Эми эки өлкөнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуп, кызматташтыктын жаңы өңүттөрүн ачат ",- деген сөздөрүн келтирет.
Кара деңиздин түбү аркылуу газ куурун төшөөдө технологиялык жактан эрдик жасалганын адистер менен баяндамачылар да белгилешти. Себеби, газ куурунун деңиздеги бөлүгү 2100 метр тереңдикте төшөлгөн. Буга чейин дүйнөдө мындай тереңдикте төшөлгөн газ кууру жок эле. Бул жердеги курулушту Италиянын адистери жүргүздү. Ал эми долбоордун экономикалык өңүтү азыр деле адистердин күмөнсүнүүлөрүн жаратууда. Ага өбөлгө берген төмөнкү жагдайлар бар.
1997-жылы келишимге кол коюлган кезде Түркия чөлкөмдүн газ рыногу тездик менен өсүп жаткан өлкөсү катары каралган. Бирок, өлкөнү соңку жылдары каптаган экономикалык олку - солкулуктар мындай ырастоолордун тууралыгын убактысынча болсо да төгүндөдү окшойт. Ал турсун Түркия сатып алуу белгиленген көгүлтүр оттун өлчөмүн кыскартууда.
Өткөн айда энергетика министри Зеки Чакан ушул жыл ичиндеги газ сатып алууларын токтотулганын, Газпром менен кийинки жылга белгилеген өлчөмдүн да тең жарымын кыкартуу сүйлөшүлүп жатканын жарыялаган. Маалыматтарга караганда, Түркияга газ сатып келген Орусия жана Иран көгүлтүр оттун баасын, төлөө шарттарын да жеңилдетүүгө макул болгон. Орусия Түркияга газды "Көгүлтүр агым " долбоорунан тышкаары башка келишимдер боюнча, Болгариянын аймагы менен өткөн куурлар аркылуу да жөнөтөт.
Андыктан, Түркия минтип газ сатып алууларын кыскартып жатышы "Көгүлтүр агым " газ кууру бат эле иштебеген активге айланып,анын сейрек технологиясы үчүн сарпталган каражаттарды кайтаруу кыйындайбы деген божомолдорду жасоого түрткү берип жатат. Себеби, курулуш Батыштын кредиттик мекемелеринен алынган акчанын эсебинен жүргүзүлдү. Мындай кооптонууларды Орусия менен катар Иран да өз газын Түркиянын рыногуна багыштап алганы күчөтүүдө. Аталган эки өлкө тең Түркия менен Грецияны бириктирүүчү 285 чакырымдык газ кууру ишке ашса мүмкүнчүлүк жогорулайбы деп үмүттөнүп турат. 300 миллион долларга салынып жаткан куур жылына 500 миллион куб гана газ өткөрүүгө жөндөмдүү. Бул газ келишимдерин арбын түзүп алган Түркия үчүн өтө эле аз өлчөм.
Айрымдар Адриатика деңизи аркылуу Италияга өтүүчү газ куурунун келечектүүлүгү жөнүндө айтышууда. Бирок, өлкө азырынча Австрия аркылуу эле Орусиядан жетиштүү өлчөмдө газ алат. Өткөн жылы Газпромдун Италияга экспорту 7,3 % га төмөндөгөн. Деген менен, мындай жагдайлар газ экспорттоочу өлкөлөрдү жаңы пландарды куруудан кайра кайра тартырчудай эмес. Дүйшөмбү күнү Лондондо чыгуучу "Financial Times " гезити Евросоюз Иран газын Греция аркылуу алып өтүш үчүн техникалык-экономикалык негиздеме даярдоого 10 миллион доллар бөлүп берүүгө макул болгонун жазып чыкты. Өткөн аптада Болгария жана Румыния да Иран газын Борбордук Европага жеткирүү үчүн өз тарабынан газ куурун төшөөгө макул болду. Бул Түркия аркылуу чыккан Иран газы түндүктү көздөй агылат дегенди билдирет. Ал эми тескерисинче ошол эле учурда Орусия газы түштүктү көздөй кетүүдө. "Азаттык -Эркин Европа " радиосунун мунай жана газ маселеси боюнча эксперти Майкл Леливелд белгилегендей, учурдагы окуялар газ сатуучу атаандаштар өздөрү куруп алган газ куурларынын курчоосунда калгандай таасир калтырат. Алардын "Көгүлтүр агым " сыяктуу айрым долбоорлору кеминде он жылдан соң гана пайда бериши мүмкүн.
XS
SM
MD
LG