Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:21

Кыргыз Парламентинин Жогоку палатасы 2003-жылдын бюджетин биринчи окулушунда кабыл алганы тууралуу.


3 күнгө созулган талкуудан кийин, эл өкүлдор жыйыны 2003- жылдын бюджетин бейшенби кунү түшкө жакын биринчи окулушта кабыл алды. Бюджет долбоору буга чейин 3 жолу палатанын комитетинде кароодон өткөн. Алкач палатанын бюджет жана экономикалык саясат комитети өкмөт сунуш кылган бюджет долбооруна макул болбой, бюджеттин киреше бөлүгүн 840 млн сомго, ал эми чыгаша бөлүгүн 3,7 млрд сомго көбөйтүүнү сунуш кылып кайтарып берген. Бирок өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүнө 124 млн сом кошуп, чыгаша бөлүгүн өзгөртүүсүз калтырып долбоорду кайра сунуштаган. Комитет 4- октябрда өткөргөн жыйынында өкмөттүн долбоорун дагы бир жолу четке каккан. Өкмөт бюджеттин киреше бөлүгүн дагы 197 млн сомго көбөйтуп алып келгенде, комитет 14-октябрда отурумунда долбоорду сессияга алып чыгуу жөнүндө чечим чыгарган.

Каржы министри Болот Абильдаевдин айтканына караганда, 2003 жылдын бюджетинин киреше бөлүгү 14,6 % өсүп 13 млрд 844 млн сомду түзөт. Чыгаша бөлүгү болсо 5,6% өсүп, 13 млрд 503 млн сом болот. Келтирилген сандардан корүнүп тургандай келерки жылдын бюджети жакшы эле көбөйөт. Анын өсүү темпи ички дүң продуктынын өсүү темпинен да жогору. Бирок депутаттар аны дагы көбөйтүүнү талап кылып жатышат. 3 кунгө созулган талкууда каржы министрине 34 депутат , премьер министрге 21 депутат суроо беришти. Талкууда 25 депутат чыгып сүйлөштү. Депутаттар бюджетти биринчи окулушта кабыл алуу керек экенин билдиришкени менен, алар долбоорго дагы эле алымсынбагандыктарын айтышты. Алар бюджетти ар бир депутаттын сунуштарын дагы өкмөт бир жолу карап чыксын деген шарт менен кабыл алып беришти. Палата кабыл алган токтомго ылайык ар бир айтылган сунуш боюнча протокол түзүлүп, сессиянын 2- этабында боло турган экинчи окууда өкмөт алардын кабыл алынганы же кабыл алынбаганы жөнүндө жооп бериши керек.
Депутаттар айрым ишканалар өкмөт тарабынан салыктан негизсиз бошотулгандыгын, айрым ишканалар салык төлөөдөн качып, аларга карата өкмөт жетиштүү чара көрбөй жаткандыгын айтып жатышат. Бул маселеге бюджет жана экономикалык саясат боюнча комитеттин башчысы Жеңишбек Эшенкулов да кеңири токтолду:
“Кээ бир ишканалар жок жерден акча жасап, мамлекеттин казынасына кол салып жатышат. Эсептөө палатасын карагылачы, тандабай четинен эле текшерип корүшкөндө ишканалар 126 млн сомго туура эмес отчет беришкен. Кээ бир фирмалар жалган документ тапшырышып, мамлекетке бир да тыйын төлөбостөн, тескерисинче, мамлекеттен миллиондогон акчаларды алышып, бажы пошлиналарын жаап жатышат. Ар бир май куючу жайдын, ар бир кафенин артында, тартынбай эле ачык айтыш керек, кишилер бар. Коргоочулар бар.”
Бюджеттен тармактарга акча бөлүү негизинен бирдей темп менен көбөйтүлөт. Билим берүү тармагына гана акча бир аз көбүрөөк бөлүнгөнү жатат. Ага келерки жылы 1 мрд 185 млн сом бөлүнүп, анын бюджети быйылкы жылга салыштырмалуу 9,7 % өсөт. Бюджеттен коргоо иштерине 1 млрд 124 млн сом, саламаттык сактоо тармагына 597 млн сом, коомдук тартипти сактоо жана коопсуздукту камсыз кылуу иштерине 845 млн сом, социалдык камсыздоого 2 млрд 194 млн сом жана мамлекеттик аппаратты кармоого 1 млрд 849 млн сом бериле турган болду.
Депутаттар ички иштер министлигине акчаны көбөйтүү маселесин көп көтөрүштү. ДепутатБакирдин Жолчиев:
“Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин айлыктары жөнүндө туура айтып жатышат. Ар кимиңердин тууганыңар же жок дегенде жек жааттарыңар – милийса. Ошолордун айлыгын көтөрүү маселесин мен да колдойм. Ал бюджетке киргизилгенде гана биз бюджетти бекитишибиз керек.”
Премьер министр Николай Танаев жана каржы министри Болот Абильдаев эл аралык валюта кору менен акылдашып, бюджетти дагы көбөйтүшүбүз мумкүн деп айтышты.
XS
SM
MD
LG