Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Ирак резолюциясы Коопсуздук кеңешинин кароосунда.


Улан Алымкул уулу. Кошмо штаттар Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин толук курамына Иракты куралсыздандырууну караган жаңы резолюциянын долбоорун сунуш кылды. Жаңы резолюция боюнча талкуу Коопсуздук кеңешинде жума күнү уланааары күтүлүүдө, ал эми добуш берүү качан өткөрүлөөрү азырынча белгисиз. Вашингтондун сунушун Коопсуздук кеңешинин вето коюуга укуктуу беш мүчөсүнүн үчөөсү : Орусия, Франция, Кытай колдой элек.

АКШлык расмий өкүлдөр бир топтон бери эле эгер Улуттар уюмунун коопсуздук кеңеши Ирак боюнча жаңы резолюция кабыл алууга жетише албаса, Вашингтон зарыл учурда Багдадга күч колдонууга укуктуу экенин билдирүүдө. Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешине сунуш кылынып жаткан документте кокус Ирак куралсыздануу жөнүндөгү талаптарга көнбөсө дал ушул күч колдонуу мүмкүнчүлүгүнүн каралганы Орусия, Франция, Кытай өңдүү Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө өлкөлөрдүн каршылыгын жаратып келет.
АКШ Коопсуздук кеңешине жолдогон резолюциянын долбоору шаршембинин кечиндеги жабык жыйында каралды. Вашингтондун жаңы резолюциясында эгер Ирак кезектеги аскердик инспекцияга да жолто кылса, олуттуу кесепеттерге туш болоору белгилеген. АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропенте жаңы резолюциянын маңызы тууралуу талкуу башталаар алдында кабарчыларга төмөнкүлөрдү айткан эле :
" Биз, биздин ишенимибизде Ирак эгер кызматташса куралсыздана алат деген резолюцияны стол үстүнө койдук. Азыр Коопсуздук кеңешинин калган мүчөлөрү менен кандайдыр бир мунасага жете алабызбы деп интенсивдүү диалог өткөрүп жатабыз. Ар бир өлкө бул маселе боюнча өз карашын, сунушун берет жана алар талкууланып, кайра иштелиши керек ", -деди АКШнын БУУдагы элчиси Жон Негропонте. Ал эми Орусиянын БУУдагы элчиси Сергей Лавровдун айтымында, АКШнын жаңы резолюциясында да Иракка күч колдонуу мүмкүнчүлүгү сакталгандыктан ал кабыл алууга ылайыксыз:
" Биз автоматтык түрдө күч колдонулушуна жана ишке ашкыс, реалдуу эмес талаптар Коопсуздук кеңешинин башкы талабы катары бул резолюцияга киргизилишине макул боло албайбыз ", - деди Орусиянын БУУдагы элчиси Сергей Лавров. Анын айтымында, Орусия менен катар Коопсуздук кеңешинин вето коюууга укуктуу мүчөлөрүнөн Франция жана Кытай да АКШ нын долбооруна канааттанган жок. Француз президенти Жак Ширак өз өлкөсүнүн туруму тууралуу апта башында төмөнкүлөрдү айткан :
"Биз, Улуттар уюмунун автоматтык түрдө аскер күчү менен кийлигишүүнү көргөзгөн резолюциясына караманча каршыбыз",- деди француз президенти Жак Ширак. Ага катар Ширак Ирактын айынын АКШ менен Франциянын мамилеси бузулбасына ишеним билдирди. Француз президентинин сөзү боюнча эки тараптын алакасы такай эле АКШ туура деген идеяга негизделген эмес. Маалыматтарга караганда, Франция мурдагыдай эле Ирак боюнча эки баскычтан турган резолюция кабыл алуу оюнан кайта элек.
АКШдагы Гарвард университетинин эксперти Жозеп Ни Ирак маселесинде мунасага келүү, проблеманы талкуулап жаткан тараптардын баарынын кызыкчылыгындагы иш экенин айтат:
" Бул жерде көп тараптуулукту бир тараптуулукка каршы кылуу АКШнын кызыкчылыгындагы иш. Өз чечимдери аткарылышына БУУ да кызыкдар. Бирок, Улуттар уюму эмне болгонун көзөмөлдөө үчүн көбүрөк бийликке ээ болууну көздөп жатат. Ал эми америкалыктар бир нерсе жасай албагыдай кылган бекем көзөмөлгө ээ болууну каалабайт. Демек, муну соодалашуу деп айтууга болот ",- дейт АКШдагы Гарвард университетинин эксперти Жозеп Ни.
Айтор, Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешиндеги талкуу эми жума күнү уланаары күтүлүүдө. Ал эми Ирак резолюциясы боюнча добуш берүү качан өткөрүлөөрү азырынча так белгисиз.
XS
SM
MD
LG