Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Түркиядагы шайлоодо жеңишке жеткен эки партия өз ара кызматташууну макулдашты.


Түркиядагы парламенттик шайлоодо жеңишке жеткен эки партия өлкөнү Евросоюзга киргизүү үчүн өз ара кызматташууну убада кылды. Бул тууралуу шайлоодо жеңип чыккан Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен экинчи орунду алган Республикачыл эл партиясынын лидери Деңиз Байкалдын Анкарадагы жолугушуусунда айтылды. Эрдоган биргелешкен басма сөз жыйынында билдиргендей, тараптар өз ишин координациялоону макулдашты. Жекшемби күнкү шайлоонун жыйынтыктары көргөзгөндөй, Түркиянын парламенти эми эки партиядан гана турат. Өкмөттү анда жеңип чыыкан, байыстуу исламчыл - Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы башкармакчы. Бирок, партия лидери Эрдоган мурда сот жоопкерчилигине тартылганына байланыштуу премьер-министр боло албайт. Эрдоган бүгүн билдиргендей, ал жаңы премьер-министрликке күчтүү лидер келишин каалайт. Бүгүн Түркиянын жогорку аскерий жетекчилиги да шайлоонун жыйынтыгын таанырын билдирди. Армия генштабынын башчысы Хилми Өзгөк белгилегендей, шайлоо элдин эркин чагылдырат.
Түркияда буга чейин динчилдердин бийликке келишине каршы үч ирээт аскердик төңкөрүш болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG