Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:38

Кыргызстанда кургак учук оорусун дарылаганга акча жок...


Байян Жумакадыр кызы Кургак учуктун бактерияларын биринчи болуп 19-кылымдын соңунда немис бактериологу Роберт Кох ачып, изилдеп чыккан. Ошондуктан медиктер арасында Кургак учуктун бактериялары "кохтун таякчалары" деп аталат. Ал бактериялар адамдар эттүү жана башка витаминдүү тамактарды жебей, калориясы өтө аз тамак жеген учурда кескин көбөйүп, адамдын ашказан, ичеги карын органдарын, бөйрөк, өпкө жана сөөктөрүнүн сезгенүүсүн пайда кылат.

Бирок оорунун белгилери, бактериялар өпкөнү сезгенткен учурда гана даана сезилет. Башка учурларда оору даана белги бербегендиктен, аны карапайым кишилер эле эмес, медиктердин өздөрү да башка оорудан айрып тааный албай калышат. Мисалы сөөк туберкулөзу, белди, муундарды, айтор сөөктү оорутат. Бирок көп учурда кишилер ал симптомдорду чарчагандыктын белгиси катары кабылдап, этибарга алышпайт. Дарыгерге сөөк сынганда гана кайрылышат, бирок анда сөөк туберкулөзу күчөп, өнөкөт стадиясына жеткен болот. Ошон үчүн дарыгерлер, калкты өз ден соолугу менен үй бүлөө мүчөлөрүнүн ден соолугуна кылдат көңүл бурууга чакырышат. Ал кетип чарчагандык, баш оору, какырык чыккан жөтөл, сөөк- муундардын оорушу, ичеги, ашказан, бөйрөктүн сезгенүүсү ,-булардын бары Кургак учуктун белгилери болушу ыктымал. Андай симптомдорду байкаарыңыз менен дарыгерге кайрылыңыздар!
Башка экссоветтик жумурияттардагыдай эле Кыргызстанда кургак учук оорусунун, же түбөркулестун күч алуусунун себептери Советтер Союзу кыйрап, экссоветтик жумурияттар терең экономикалык кризиске дуушар болгону менен тыкыз байланыштуу. Калктын жашоо деңгээлинин кескин төмөндөшү бул жугуштуу оорунун жайылуусуна жагыштуу өбөлгө түзгөн. Кыргыз республикасынын кургак учук оорусу боюнча илимий изилдөө институтунун башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Афтандил Алишеров кабарчыбыз Бурулкан Турдубек кызы менен болгон маегинде кургак учукту "социалдык оору" деп атайт.
Ошону менен катар бул оорунун көбөйүшүн дарыгерлер илдеттин реалдуу көрсөткүчтөрү, советтик доордогудай жашырылбастан, -ачык айтылып калганы менен да түшүндүрүшөт. Бул жөнүндө профессор Афтандил Алишеров мындай дейт.(КАТ)
Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо уюмунда, кабыл алынган эл аралык стандарттарга ылайык, кургак учук оорусу менен ооруган адамдардын саны ар бир жүзмиң кишиге 50 кишиден ашпоого тийиш, андан ашып кетсе- "оору эпидемияга айланды" деп эсептелет. 1996-чы жылы кургак учукка каршы күрөшүү боюнча алгачкы Улуттук программаны иштеп чыгуу үчүн ВОЗдун Кырыгызстанга келген адисттери ал кездеги ахвалды "өтө опурталдуу" деп сыптташкан болчу..
Ал улуттук программаны ишке ашырууга ВОЗ менен катар, Германия чоң салым кошкон. Немис өкмөтү бөлгөн 10 миллион марка өлчөмүндөгү грант менен жер- жерлердеги фельдшер менен дарыгерлер атайын кайра даярдоо курстарынан окутулуп, кургак учуктун таякчаларын аныктоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүшкөн. Ооруканалар, диспансерлер менен фелдшердик пункттарга жаңы жабдуулар сатылып алынып, ооруга чалдыккан адамдарды бекер дарылоого шарт түзүлгөн.
Институтунун маалымдашынча 2001-жылы Кыргызстанда бул ооруга чалдыккан кишилердин саны 8 миңди түзгөн, алар каттоодон өткөрүлүп, дарылоого алынды. Катталгандардын -2000 балдар, 2000 -аялдар эле. Ооругандардын 60 проценти 50 жашка чейинки, башкача айтканда, күчкө толуп турган, өндүрүмдүү курактагы адамдар. Тилекке каршы, ооруга чалдыккан балдардын саны акыркы жылдарда көбөйүп барат, жана азыркы тапта институттун клиникасында дарыланып жаткан балдардын 60 проценти -12 жаштан 17 жашка чейинки элеттик өспүрүмдөр. Дарыгерлер мунун себебин, биринчи кезекте, айыл жеринде балдардын чоң кишилер менен тең жумуш кылып жатканы менен, ал эми тынымсыз чоңойуп келаткан балдардын организми, тамак -аштын тартыштыгынан өзүнө керектүү витаминдер, минералдар жана башка зарыл элементтерди ала албай жатканы менен түшүндүрүшөт. Ошондой эле үйдө, талаачылыкта жана дыйкан чарбаларында жумуш жасаган балдар ар кандай кокустуктарга көбүрөөк дуушар болуп, ал аркылуу туберкулез бактерияларынын өөрчүшүнө медиктердин тили менен "провокациялык", же "түрткү болуучу" жагдайды түзүшөт.
Расмий маалыматтарга караганда Кыргызстанда 2001- жылы түбөркулез менен каттоого алынган 8 миң кишинин -85 проценти толук айыгып чыгышкан. Ал эми калган 15 проценти дарылоону улантууга тийиш. Булар оорусу өнөкөткө айлангандар, же болбосо кандайдыр себептер менен дарылоону үзүгүлтүккө учуратып, өз убагында улантпай койгондор. Кейиштүүсү, кургак учуктан жабыркаган адамдар калк арасында жүрүшөт жана оорунун микробторун башкаларга жугузууда.
Кургак учукка каршы көрүлүп жаткан чаралардын натыйжалуулугун жаза мөөнөтүн өтөө мекемелеринен бошонуп келгендердин, көп учурда катоого алынбай, жана дарыланбай жатканы, кыйла төмөндөтүүдө. 2001-жылы кургак учук оорусу менен ооруган 1600 арыстоон мунапыс алып абактан чыккан болсо, алардын- үчтөн бирине жакыны гана медициналык каттоодон өтүп, дарылануусун улантакан.
Кургак учук менен ооруган адамдардын 20 проценти, оорунун салттуу антибиотиктерге мойун сунбаган түрлөрүнө дуушар. Илдеттин бул түрүн "экинчи тизмектеги" кымбат дарылар менен дарылашат. Эгерде адаттар пайдаланылчу дарылардын баасы 6-7 долларды түзсө, экинчи тизмектеги дарылардын 5 таблеткасы эле -16 доллар турат. Күнүнө бир таблетка ичкенде, дейт профессор Алишеров, ал дары беш күнгө эле жетет. Ал эми дарылоо 18 айга созулат. Демек жалпы дарылоо процессине, тамак-аш менен жатакананы эске албаганда эле, жүздөгөн доллар сарпталат...
Тилекке каршы, кургак учукту дарылоонун натыйжалуулугу ойдогудай эмес. Анткени жумурият калкы абактан чыккан оорулуу адамдар менен үзгүлтүксүз толукталууда. Кейиштүүсү, абактагы ооруларды дарылоо Кыргызстанда жолго койулбаган. Кыргыз өкмөтү түрмө туткундары "эркинен ажыратылганы" менен, дарылануу жана тамактануу укугунан ажыратылбаганын аңдагысы келбейби, айтор, абактагылардын тагдыры унутта калган. Ал эми "Туберкулез" программасынын координатору Алишеров мырза абак туткундарын дарылоо жөнүндө кабарчыбыздын суроосуна мындай дейт: (кат) ...
Кымбат баалуу каражаттарды бекерге сарптоо арийне жарабас. Бирок Улуттук программанын жетекчилери коркунучтуу илдетке жоолуккан пациенттердин кыйла бөлүгүн түзгөн абак туткундарын дарылоо үчүн өзүнчө бир программа иштеп чыгып, аны жаза өтөө мекемелери менен бирдикте ишке ашырса, кымбат баалуу дарылар текке кетпестен, ондогон кишилер өлүм коркунучуна дуушар болмок эмес. Мисалы, Грузияда абак туткундарын дарылоо үчүн саламаттык мекмелери Эл Аралык Кызыл Чырым уюму менен бирдикте өзүнчө программа иштеп чыгышкан. Программаны ишке ашыруу максатында бир колония бүтүндөй түрмө госпиталына айландырылып, ал жерде туткундардын тамактануусу, жашоо шарттары жакшыртылып, дарыланууга жагыштуу өбөлгө түзүлгөн экен. Натыйжада азыр абак туткундарынын арасында кургак учук оорусу 6 проценттик деңгээлге түшүрүлдү. Ал эми жыл сайын оору менен каттоого алынган кишилердин саны 5 594 кишини түздү. Музыка
2001-жылдан баштап, Кыргызстанда "Туберкулез- 2" деген программа ишке ашырыла баштады. Бирок программанын координатору, 1996 жылы кабыл алынган програмадан айырмаланып, Кыргызстан экинчи програманы, чет элдик жардамсыз, өз алдынча ишке ашырууга мажбур экенин, жана ага каражат табуу чоң кыйынчылыктарды жаратып жатканын жашырбайт. Адисттердин долборлуу эсептөөлөрүнө караганда, программага тамак- аш, жатакана, дарылар жана медициналык тейлөөнү кошкондо бери дегенде 250 миллион сом керек болот. Кыргызстандын бюджети андай каражат бөлө албайт. Азыркы күндө жергиликтүү өкмөттөрдүн жана борбордук бийликтин жардамы менен ал програманын 20 проценти каржыланды. Калган 80 процентин кайсы каражаттар менен ишке ашыраарын медиктер билишпейт. Алишеров программанын калган бөлүгүнүн ишке ашырылысуу чет элдик гранттар менен гумжардамдын берилишине жараша болорун, демек миңдеген кургак учук пациенттеринин тагдыры -чет элдик жардамдан көз каранды экенин жашырбайт...

XS
SM
MD
LG