Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:18

Гибралтардагы референдум.


Гибралтарда бүгүн бул аймакты Британия менен Испаниянын биргелешкен башкаруусуна берүү маселеси боюнча жалпы элдик референдум өтүүдө. Испаниянын түштүк жээгинде жайгашкан, аянты алты чакырым квадрат метр келген Гибралтар учурда Британияга карайт, сурамжылоолорго караганда жергиликтүү тургундардын көпчүлүгү өзүлөрүн британиялыкпыз деп эсептейт жана биргелешкен башкарууга каршы. Референдум өткөрүү чечими Лондон менен Мадрид бул маселеде ич ара мунасага келе албаган соң кабыл алынган. Бирок, британ жана испан өкмөттөрү референдумдун жыйынытыгын тааныбай турганын жана бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр улантылаарын билдирүүдө. Британиянын Гибралтарды башкаруу укугу мындан дээрлик үч кылым мурунку, 1713 –жылкы келишиминде бекитилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG