Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:53

Казак журналисти Сергей Дувановго расмий айып коюлду.


Казакстанда прокурорлор бүгүн жергиликтүү оппозициячыл журналист Сергей Дувановго бойго жете элек кызды зордуктады деген расмий айып койду. Ал эми Дуванов өзү жана анын жактоочулары бул атайлап уюштурулган жалаа деп эсептейт. Журналист өткөн айдын жыйырма сегизинде АКШга конференцияга барууга даярданып жаткан кезинде камакка алынган болчу. Жыл башында интернетте жарыяланып, президент Назарбаевди жана өкмөттү сынга алган макалалары үчүн коопсуздук кызматтары Дувановдун үстүнөн президенттин абийирине ар намысына шек келтирди деген айып менен кылмыш ишин да козгогон. Авгус айында ал белгисиз бирөөлөрдөн токмок жеген болчу. Дуванов өткөн аптадан бери камакта ачкачылык жарыялап, оозуна наар ала элек. Казакстандык укук коргоочу Евгений Жовтистин айтымында, ачкачылыктан улам журналисттин өмүрүнө коркунуч келүүдө жана аны тамактандыруу үчүн дарыгерлер күч колдонууга барышы мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG