Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:54

Түркияда жаңы премьер-министрдин ысымы келерки аптада жарыяланышы ыктымал.


Түркия президенти Ахмед Неджет Сезер бүгүн жешемби күнкү парламенттик шайлоодо жеңип чыккан, исламчыл маанайдагы Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясынын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен жолукту. Шайлоонун натыйжасында Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы түрк парламентиндеги 550 орундун 363үн ээлеген эле. Эми алар бир партиялуу өкмөт курууга укуктуу. Эрдоган партия лидери болгону менен премьер-министрлик кызматка келе албайт. Себеби, ал мурда диний араздашууну козутту деген айып менен сот жоопкерчилигине тартылган. Эрдогандын жолугушуудан соң кабарчыларга билдиргенине караганда, ал президент менен премьер-министрдин маселесин талкуулаган жок. Адилеттүүлүк жана өнүгүү партиясы бул кызматка дайындалчу адамдын ысымын келерки аптада жарыялашы ыктымал.

XS
SM
MD
LG