Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

Словениянын жаңы президенти шайлоонун экинчи айлампасында аныкталат.


Словенияда өлкөнүн жаңы президенти шайлоонун экнчи айлампасында аныктала турган болду. Жекшемби күнү өткөн биринчи айлампада талапкерлердин эч кимиси шайлоодо жеңип чыгыш үчүн зарыл болгон добуш топтой алган жок. Шайлоого добуш берүүгө укуктуу калктын 61,1% катышкан. Баштапкы расмий маалыматтарга караганда, шайлоодо жеңип чыгаары күтүлгөн азыркы премьер- министр Янез Дрновшек 45% жакын добуш алган. Ал эми экинчи айлампада өлкөнүн баш прокурору Барбара Брезигар менен атаандашат. Брезигарды биринчи айлампада шайлоочулардын 32%га жакыны колдоду. Шайлоонун экинчи айлампасы 1-декабрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG