Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

Голландия парламенти Сребреница окуясын иликтөөгө киришти.


Голландияда 1995-жылы Босниянын Сребреница калаасында орун алган массалык кыргындын чоо -жайын териштирүү боюнча парламенттик угуу башталды. Учурунда Сребреницада турган голланд бейпилдик күчтөрү босниялык сербдердин аскерлери 7000 миңдей жергиликтүү мусулманга кыргын салышын алдын ала албай койгон, бул үчүн соңку кездери голланд бийликтери сынга алынып келет. Окуя боюнча буга чейин да бир нече иликтөө өткөрүлгөн эле. Расмий отчет жарыяланганда өлкөнүн өкмөтү отставкага кетүүгө мажбур болгон. Эми соңку териштирүүнү максаты ошол кандуу окуя үчүн жеке жоопкер адамдарды табуу. Парламенттик угуу учурунда 30 дан ашуун күбө көрсөтмө бермекчи. 95-жылдагы Сребреница окуясы Европада Экинчи дүйнөлүк согуштан берки эң кандуу кыргын катары каралып жүрөт.

XS
SM
MD
LG