Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:41

Экс-советтик Балтика мамлекеттери НАТОго кошулуу алдында


Мурдакы Советтер союзу бүлүнгөндөн 10 жылдан көп өтпөй, Балтика боюндагы экс-советтик үч өлкө Түндүк Атлантика блогу- НАТОго мүчө болуп өткөнү турат. НАТОго кошулууну Латвия, Литва жана Эстониянын жетекчилиги, өлкө тарыхындагы өтө маанилүү окуя деп эсептейт. Москва бирок бул үч өлкөнүн Батыш институтуна кошулуусуна каршы.

21-22-ноябрда Чехиянын байтакты Прага шаарында НАТОнун кезектеги саммити чогулат. Прага саммити Эстония, Латвия жана Литваны, ошондой эле, Румыния, Болгария, Словения жана Словакияны НАТОго мүчө болуп өтүүгө ырасмий түрдө чакырат деп күтүлүүдө.
Литва президенти Вайра- Вайкие Фрейберга айым: “Бул биз үчүн тарыхый окуя. Латвиялыктар чакырууну алгандан кийин жеңил дем алып калат”,- десе, Эстониянын премьер-министри Сиим Каллас:”Биз жакшы даярдандык жана НАТОго мүчө болуп өтүүгө татыктуубуз”,- дейт Франс пресс агенттигине берген интервьюда.
НАТОго ырасмий чакыруу- талапкер мамлекеттер соңку он жыл ичинде Батыштын саясый институттарына кошулууга зарыл олуттуу кадамдарды жасаганын тастыктайт.
Литванын коргоо министри Линас Линкевиюс айткандай, 1991- жылы литва армиясынын даярдыгы спорт клубунун деңгээлинде болсо, азыр 15 миң сандуу литва армиясы НАТОнун талабына ылайык жабдылып машыккан.
Латвиянын 5,5 миң, Эстониянын 4 100 аскери да акыркы 10 жылда Батыштын жардамы менен Чыгыш Европанын айрым өлкөлөрүнүн аскерлерине караганда мыкты куралданган. Даярдыгы да жакшы.
НАТОго талапкер өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн даярдыгы тегиз эмес экенин Грециянын НАТОдогу элчиси Вассилис Каскарелис “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда мойнуна алган. “Биздин пикирибиз мындай болду: НАТОнун критерийин бардык өлкөлөр аткара албаса да, биз аларга жеңилдик берүүнү оң көрдүк. Себеби, критерийге караганда, Европадагы стабилдүүлүк баалуу. Европанын коопсуздугу үчүн талапкер өлкөлөрдү сыртта кармагандан көрө НАТОго кабыл алуу маанилүү”,- деп түшүндүргөн Каскарелис.
Постсоветтик Литванын биринчи мамлекет башчысы Витаутас Ландсбергистин айтымында, Балтика өлкөлөрү НАТОго өткөндөн кийин, алардын коопсуздугуна эч ким коркунуч жарата албай калат.
Чехия президенти Васлав Гавел да келечекте НАТО менен Европа союзу дагы кеңейиш керек деген ишенимде. “Себеби, кеңейүү жараяны жалпы Европанын жана бүтүндөй дүйнөнүн кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат”,- дейт Васлав Гавел.
Ырасмий Москва НАТОнун Россиянын чек арасын көздөй кеңейүүсүнө ачыктан ачык каршы болуп жүрүп, кечээ жакында гана кол шилтеп койгон. Бирок, оболу Балтика өлкөлөрү Европадагы аскерлердин санын чектөө жөнүндөгү 1990- жылкы келишимге кошулсун деп көшөрүүдө. Ушундай талапты бекте тутуп, орус Думасы аталган келишимди бекитпей саалгытууда.
Москвадагы Карнеги фонду чыгаруучу аскерий басылманын баш редактору Александр Пикаевдин сөзүнчө, НАТО менен Россиянын болочоктогу кызматташуусунун деңгээли жалпы европалык аскерий келишимге Балтика өлкөлөрүнүн кол койуусуна жараша болот же “Бул маселенин чечилиши Балтика өлкөлөрү НАТОго мүчө болуп кабыл алынгандан соңку Россия менен НАТОнун алакасына олуттуу таасир этет”, -дейт Москавлык эксперт.
Мисалы, Литва эгерде НАТОго чакырылып калса, жалпы европалык аскерий келишим эки тарап үчүн баш оорууга айланышы ыктымал, - деген пикирде Пикаев. Москвалык эксперттин сөзүнчө: ”НАТОТОнун өзүндө альянстын ичинде коопсуздуктун түрдүү зонасы болбош керек деген кеп көп айтылууда. Ошон үчүн, Польша НАТОнун мүчөсү катары 1990- жылкы келишимге кошулуп, ал эми Литва келишимге кол койбосо, кээ бир ойго сыйгыс кырдаалдар түзүлүшү мүмкүн. Мындай шартта, Балтика өлкөлөрү НАТОнун башка мүчөлөрүнө окшобостон алардан бөлөк коопсуздук зонасында турган болот”.
XS
SM
MD
LG