Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Ирак ООНдун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына өз жообун бере элек.


Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү ишемби күнү Ирак кризисин жөндөө боюнча кабыл алган резолюция, ООНдун аскерий инспекциясына Ирактын шектүү көрүнгөн жайларын эч кандай тоскоолдуксуз текшерүүгө укук берди. Араб лигасынын тышкы иштер министрлеринин тастыкташынча, ООНдун Иракты куралсыздандыруу жөнүндөгү чечимине ырасмий Багдад макул келген. Ушу эле тушта,маалымат каражаттары, АКШ президенти Жорж Буш Иракка каршы операциянын планын бекитти деп кабарлашты.

Улуттар уюмунун Иракты куралсыздандыруу жөнүндөгү резолюциясына Багдад макул болду. Араб лигасынын тышкы иштер министрлери Ирактын 1441-резоюцияга макул келүүсүн оң баалайт,- деп билдирди Саудиянын тышкы иштер министри, ханзада Файзал Каирде жекшемби күнү таңга жуук аяктаган саммитинен кийин.

Бекитилген резолюцияга ылайык, Ирак 8-декабрга каруу жарак өнүктүрүүгө тиешеси бар бардык материалдарын Коопсуздук кеңешине бериш керек. Ирак буга көнбөсө, анын арты чатакка айланат деп эскертилет билдирүүдө.
]
8-декабрга чейинки аралык, ООНдун баш катчысы Кофи Аннан айткандай, бардык тараптар үчүн чоң сыноонун мезгили. Себеби, ”Бул мезгил Ирак үчүн, Улуттар уюму үчүн жана дүйнө үчүн сыноочу мезгил. Максат- Иракты Коопсуздук кеңешинин чечимине ылайык куралсыздандыруу... Региондогу жана дүйнөдөгү коопсуздук жана тынчтыктын абалы кризистин жөндөлүшүнө жараша болот”,- деген үмүттө Кофи Аннан.

Эми Ирак президенти Саддам Хуссейн 15-ноябрга чейин резолюциясынын текстин толук колдогонун ачык билдириши шарт.

Ирак 1441-резолюцияны аткарууга макулбу же жокпу, ал боюнча ырасмий билдирүү жасай элек.

Бирок, Мисирдин тышкы иштер министри Ахмед Махердин билдиришинче: ”Ирактын макулдук берүүсү үчүн- Ханс Блик башындагы аскерий эксперттер калыс, бейтарап текшерүү жүргүзөт жана Ирактын эгемендиги урматталат деген кепилдик зарыл. Махер билдирүүнү жекшемби күнү Ирактын тышкы иштер министри менен кездешкенден кийин жасады.

1991-98-жылдардагы инспекция учурунда Ирак өкмөтү өлкөнүн күнкорсуздугу бузулат деп, аскерий эксперттерди президенттик жайларга өткөрбөй койгон.

ООНдун эксперттеринин алгачкы тобу Багдадга 25-ноябрда барууга камданууда. Инспекциянын башчысы Ханс Бликтин айтымында: “Текшерүүнүн ийгилиги Ирактын кызматташуусун талап кылат. Ирак 30 күн ичинде массалык кыргын салчу куралдарга тиешелүү бардык программасын жашырбай ачыкка чыгарышы керек”.

АКШ президенти Жорж Буштун сөзүнчө, Ирак сөзсүз куралсыздандырылат. Анын сөзүнчө, азыр Ирак тараптын жообун күтүү абзел. Буш жума күнү билдиргенге караганда: “Бир гана суроо- Ирак режими проблеманы кандай чечет. Кошмо штаттары талапты Ирак өз ыктыяры менен аткарат деп күтөт жана биз аны(куралсыздандыруунун) альтернативдүү жолуна даярдануудабыз”. Бул сөз тегин айтылбаган экен.

Президент Буш Иракка каршы согуштун планын бекиткенин Нью- Йорк Таймс гезитинин жекшемби күнү маалымдады. Гезиттин жазышынча, ашып барса бир айга созулчу авиаоперацияга 250 миң аскер тартылат.
План, гезиттин жазышынча, Коопсуздук кеңешинин резоюция кабыл алынардан алдың бекитилген.
Лондондо жайгашкан Economist Intelligence Unit изилдөө борбору АКШы Иракка келерки жылдын январь-апрел айларында кол салышы ыктымал жана согуш Саддамга каршы кутум ийгиликтүү аяктагандан кийин башталышы мүмкүн.

Согуштун алгачкы күндөрү бир баррел же 139 литр мунай дүйнөлүк рынокто 35-40 долларга чейин кымбаттап, бирок бир аптанын ичинде мурдакы калыбына түшөт,- деп айтылат Economist Intelligence Unit жарыялаган изилдөөдө.

XS
SM
MD
LG