Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:48

Айрым эксперттердин айтышынча, калкты таза суу менен камсыздоо – келечекте дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери үчүн өтө маанилүү стратегиялык проблемага айланат. Суу маселеси бүгүн эле көпчүлүк өлкөлөр үчүн, анын ичинде Греция, Израил,Мисир, Өзбекстан жана Казакстан үчүн талуу маселе экени угармандар үчүн маалымдыр. Адистердин айтымында, таза сууга болгон тартыштыкты көбүн эсе саясый жол менен чечкенге толук мүмкүндүк бар. Ал үчүн, саясый эрк жана мунаса гана керек.

Парижде жайгашкан “Тынымсыз өнүгүү” деп аталган бейтарап уюмдун эсеби боюнча, 2020- жылы өтө олуттуу проблемага айланат. Тактап айтканда, 5 миллиард адам таза суунун тартыштыгын жеке башы менен сезет. Себеби, 1950- жылы дүйнөдөгү адам башына 17 миң куб метр таза суу туура келсе, 95- жылы жан башына 7 миң куб метр гана суу туура келген. Ушул себептүү, жакынкы 20 жылда суу мунайдан да баалуу затка айланып, ар кандай чырга негиз болушу ыктымал.

Андай дегенибиз менен, Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка жана Борбор Азияда суу азыр эле мамлекеттер аралык проблемага айланганын мойнубузга алышыбыз керек.

Алсак, Сирия жана Ирак Тигр жана Эфрат дарыяларына Түркиянын суу сактагычты куруусуна нааразы. Эфиопиядан башат алган Нил дарыясын пайдалануу боюнча Мисир, Судан жана Эфиопия өз ара араздашып жатса, Иордан дарыясына куйган Хатзбани боюнча Израил менен Ливан, Нарын дарыясын пайдалануу боюнча Бишкек жана Ташкент арасында келишпестиктер бар.

Суу маселеси, “Бостон Глоб” жумалыгын жазышынча, Жакынкы Чыгыштагы тынчтыктын орношуна жолтоо болгон тоскоолдуктардын бири саналат.

Соңку үч жылдагы израилдиктер менен палестиналыктар ортосундагы мамиленин курчушу эки элди суу менен камсыздоого тескери таасир эткен.

Ушу тапта, Батыш Иордандагы 218 кыштак- шаарчада суу куурлары жок. Бейт Фурик кыштагынын жашоочусу, 15 жаштагы Мери Мохаммаддын айтышынча, анын үй-бүлөсү 10 куб метр суунун акысын эбак төлөп койсо да, акыркы 20 күндө аларга суу иашылып келе элек.

Ошон үчүн, Мери Мохаммад күнүнө 10 чакырымдан алыс жерден эшекке артып, 60 литр суу ташыйт. Атпесе, 10 адамдан турган үй-бүлө суусуз калат.

Таштанды суулар жер астындагы суу корлоруна кошулуп, аларды ичүүгө жараксыз кылууда дешет адистер.

Өз ара чатак жана эки жактык бейкамсыздыгы сууну керектөөнүн кыскарышына алып барган. Ошентсе да, “Бостон Глобдун” жазышынча, израилдиктер сууну палестиналыктарга караганда беш эсеге көп керектешет.

Израилдин чалгындоо кызматынын мурдакы жетекчилеринин бири, Ами Айалондун айтышынча, 90- жылдардын башында кол коюлган Осло келишиминин ойрон болуусу,суу маселесин дагы татаалданткан.

“Премьер- министр Ариель Шарондун тарапкерлери сууну Израил контролдош керек деген эски көз карашта. Бирок, 70 жана 80- жылдардын ортосунда дүйнө өзгөрдү. Биз таза сууну бөлүп алуу, пайдалануу жана башкаруу боюнча жаңы технологияга жетиштик. Бул жетишкендиктерди пайдалануу үчүн өз ара кызматташуу гана керек”,- деген ишенимде Израилдик адис.

Палестин автономиясынын Батыш Иордандагы суу системасынын башкы менеджери Фадел Кауаштын айтымында, палестиналыктарды суу менен камсыздоону жакшыртуу үчүн эски куурларды жаңылоо зарыл. Куурлардын эскилигинен улам суунун 50 проценти керектөөчүлөргө жетпейт. Мындан тышкары, сууну уурдоону да тыйыш керек. Антпесе, акыркы эки жылда 200-дөн көп мыйзамсыз суу кууру пайда болгон.

Израилдик окумуштуу Арие Иссардын изилдөөлөрүнө караганда, Мессопотамия цивилизациясы 4 миң жыл мурда жана биздин замандын 800- жылында Рим-Византия империясы согуштун кесепетинен эмес, табияттын өзгөрүүсүнөн кыйраган. “Суунун тартыштыгынан улам Жакынкы Чыгыш улам дагы бир алааматты көздөй баратат. Азыртан чара көрүлбөсө, цивилизациялар кыйроочу алаамат кайра кайталанарын региондун лидерлери түшүнө элек,- дейт Израилдик окумуштуу Арие Иссар.
XS
SM
MD
LG