Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Чолпон-Атада мүнүшкөрлөр форуму аяктады


12-ноябрда Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында өлкө мүнүшкөрлөрүнүн биринчи форуму аяктады. Анда Кыргызстандагы мүнүшкөрлөрдүн ассоциациясы түзүлүп, аткаруучу директорлугуна Алмаз Мусаев шайланды. Кыргызстандагы коммерциялык эмес жана өкмөттүк эмес уюмдардын ассоциациясынын демилгеси менен өткөрүлгөн форум Кыргызстанда саны азайып бара жаткан алгыр куштарды коргоо жана аларга камкордук көрүү аракетин күчөтүү максатын көздөдү. Форумдун ишине Европанын мүнүшкөрлөр ассоциациясынын жана «Ситос» аттуу эл аралык уюмдун 20дан ашык өкүлдөрү катышып, Австриянын орнитологдор ассоциациясы көмөк көрсөттү. Форумда Ысык-Көл районунун Оттук айылында алгыр куштарды багуучу атайын жайды калыбына келтирүү чечими да кабылданды.

XS
SM
MD
LG