Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

Парламент түштүктөгү кырдаал боюнча талкууну аяктай элек


Өлкөнүн түштүгүндөгү кырдаалды жекшембиден бери талкуулап жаткан Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны 12-ноябрда да бир чечимге келе алган жок. Бул күнү да отурумга биринчи вице-премьер министр Курманбек Осмонов, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев катышты. Депутаттар чечим кабыл алуу маселеси боюнча бул күнү эки тарапка бөлүнүшүп, Темир Сариев, Айдарбек Керимкулов, Хаджимурат Коркмазовдор палата кырдаал боюнча жыйынтыктоочу токтом кабыл алууга укугу жок, анын үстүнө депутаттык комиссия кырдаалды бир жактуу иликтеген дешип, токтомду кабыл албоого чакырышты. Экинчи тараптагы депутаттар болсо кырдаалды жөнгө салуу үчүн парламент жыйынтыктоочу токтом кабыл алууга жана аны өкмөткө сунуш кылууга укуктуу экендигин билдиришти. Акырында №35 «Ош-3000» жана №33 Кара-Кулжа шайлоо округдары боюнча жаңы токтом долбоору даярдалсын деген бүтүмгө келишип, аны даярдоого ар бир фракциядан бирден өкүл дайындашты.

XS
SM
MD
LG