Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:07

Коргоо министри Э. Топоев АКШыдан кайтып келди


Кыргызстан коргоо министри Эсен Топоевдин АКШыга жасаган сапары учурунда эки мамлекеттин ортосунда 2003-жылы аскердик-техникалык кызматташуу боюнча документке кол коюлган.Бул тууралуу шейшембиде коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мирбек Койлубаев маалымдады. Анын айтымында келерки жылы эки тараптуу кызматташуу тууралуу документке Кыргызстан коргоо министри Эсен Топоев жана АКШы борбордук командачылыгынын башчысы генерал Томми Френкс кол койгон.Эсен Топоев 6-ноябрдан 10-ноябрга чейин уланган сапары учурунда АКШынын коргоо министри Дональд Рамсфельд жана башка расмий адамдар менен жолугушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG