Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:56

Кыргызстан адам укуктарынын өлкөсүбү?


Аксыдагы кайгылуу окуядан башталган бийлик менен карапайым элдин ортосундагы пикир келишпестик Кыргызстандын «Демократиянын аралчасы» аталган аброюна олуттуу доо кетирди. Бийликтин катачылыктарын жоюу, элди тынчытуу багытында буга чейин жасаган аракеттери акыркы окуяларга караганда өзүн актабай турган сыяктанат. Акыркы мезгилде Ош жана Жалал-Абад облустарындагы шайлоо компанияларынан улам келип чыккан нааразылыктар Кыргызстанда бийлик менен элдин ортосунда чыңалуу күчөбөсө, азайбагандыгын, ал эми Негизги мыйзамды (Конституцияны) реформалоого жасалып жаткан кадам жагдайды жумшартууга анчалык таасир эте албай жаткандыгын көрсөтүүдө. «Адам укугунун өлкөсү» демилгеси эл аралык чөйрөнү алаксытуу үчүн жасалган эле ишаарат болуп калгандай.

Албетте, кыргыз бийлиги учурда Кыргызстандын түштүк аймагындагы эки шайлоо округунда болуп жаткан толкундоолорду эки башка карап, жеке кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында эле айрым адамдар өз тарапкерлерин көтөрүп жаткан көрүнүш катары баалоодо. Парламентте да бул маселе ар кандай көз караштарга ээ. Мисалы, мыйзам чыгаруучу жыйын депутаты Зайнидин Курманов мыйзам айрым адамдар үчүн эмес, жалпыга бирдей иштеш керектигин депутаттыкка талапкер Үсөн Сыдыковго байланыштуу палатадагы талкууда мындай деп билдирди:
«Келгиле жасабай турган ишти жасабай эле коелу. Укук бардыгына бирдей болушу керек. Тандалган укук сиздер өкмөттү айыптап жаткан сыяктуу эле акыйкатсыз укук. Эгер биз бүгүн Үсөн Сыдыковду көтөрсөк, анда келгиле, биринчи айлампада эле 50 пайыздан ашык добуш алып, каайдагы бир карабалтадагы сатылып кеткен үйүн каттатпай койгон Данияр Усөновду да көтөрөлү…» дейт депутат Курманов. Ал эми депутат Мадумаров: «Бул жерде эл менен бийлик ортосунда тирешүү бар. Бийликтин элдин пикири менен эсептешпей жатышы аларды баарынан көп тынчсыздандырып жатат. Бийлик укуктарын алып коюуда» дейт
Кыргыз өкмөтү менен Жогорку Сот болсо Кыргызстандын аймагындагы акыркы коомдук саясий кырдаал боюнча 5-ноябрда атайын билдирүү таратып, бардык аракеттер мыйзамсыз болуп жаткандыгын белгилеп, кокус чектен чыгуулар болсо жагдайды тынчытуу үчүн бийлик мыйзамга ылайык милдеттүү кадамдарга барарын айткан. Ошол эле учурда Осмонов коомдук тартипти адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбай туруп сактоо чаралары көрүлөрүн мындай деп түшүндүрөт : «Пикетчилер, жөө жүрүшчүлөр Бишкеккке келеби, башка жерде, шаар райондо болобу, массалык тартип бузуу болбос жагын көзөмөлгө алып, коомдук тартипти камсыз кылабыз. Ошол эле учурда пикет же митингге чыгып келаткан адамдардын укуктарын, эркиндиктерин бузбашка аракет кылабыз»
Бирок, укук коргоочулардын пикирлерине караганда, бийлик кандай жымсалдабасын, « Бийликке акаарат келтирсең чара көрөбүз» билдирүүлөрү адамдардын укуктарына каршы келет. Чындыгында дүйнө жүзүндө адам укугун толук тутунган өлкө жок. Бирок, Кыргызстандагы одоно бузуулар элдин чыдамын кетирип отурат, ошондуктан, жадаган эл тигил же бул шылтоону бетке кармаган бойдон бийликке талап кылып көчөгө чыгып кетип жатышат, деп эсептейт «Адам укугун коргоо бюросунун» өкүлү Анна Муратова. Анын айтымында: «Мындай көрүнүштөр ириде өлкөнүн имиджине доо кетирет. Жогорку жактагылардын пикирлерине караганда, ар кандай бүтүмдөр, макулдашуулар болуп жатат. Бирок, ушул жагдайларда сөзсүз адам укуктары сакталышы керек. Анан минтип митингдер, пикеттер, нааразалыктар өтүп жатканда суроо туулат, алиги берилген убадалар, коюлган шарттар кана аткарылганы деп. Анын ордуна кайра эле баягы ыкма, эскертүүлөр, билдирүүлөр дегендей. Бул өтө-өтө натыйжасыз кадамдар. Эл менен өтө аяр мамиледе болуп, айрым учурларда чегинүүгө да барышы керек. Элдин эмне урушуп-талашып жүргөңдөн башка жумушу жок дейсизби?»
Калк арасында тигил же бул аймактан нааразылык акциялары менен чыккандар сөзсүз түрдө бийликти айыптап, укуктарынын тепселип, талаптарынын аткарылбай жаткандыгын белгилешет. Жыл башынан бери уланып келаткан ар кандай деңгээлдеги нааразылык акцияларында коюлган талаптардын чөйрөсү да кеңейип баратканы байкалат. Маселен, Аксы окуясынын алдында Бекназаровго байланыштуу баш коргоо чарасын гана өзгөртүү талабы менен гана чыгышса, быйылкы акцияларда дээрлик бүтүндөй сот системасына, бийликке толугу менен ишеним көрсөтпөө маселелерин көтөрүп жатышат.
Эгер элдин нааразылык акцияларын мыйзамсыз деп эсептей турган болсок, анда бийлик өзү мыйзамсыз аракеттери менен элди ушуга түрттү, дейт, Жогорку Кенештин мыйзам чыгаруучу жыйынын депутаты, Аксы окуясы боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү Оксана Малеваная. Анын айтуусуна караганда: «Бийлик ириде эл баягы эмес экенин мойнуна алышы керек. Кайрылуу, билдирүү сыяктуу советтик ыкма менен административдик ресурстарды пайдалануу менен маселенни чечүү мүмкүн эмес. Элдин үнү угулгудай диалогго келүү аркылуу гана проблеманы чечүүгө болот. Элдин чыдамкай болгону үчүн да биз жолдуу экенбиз» дейт депутат Малеваная.
Ал эми мурдагы парламентарий Жалгап Казакпаев элди ийге келтирип, нааразылыгын басыш үчүн бийлик өзү үлгү көрсөтүп турушу керек.деп эсептейт: «Адам укугу тебеленип-тепселип жаткан үчүн ушинтип эл чыгып атат да. Элдин баары азыр сабаттуу болуп калды. Законду жакшы билишет. Анан ошол бузулуп жатканда чыдабай пикетке, митингге чыгып атышат. Алар бир эле нерсени талап кылып жатышпайбы. Адам укугун сактагыла. Ушуну кармап беергиле деп. Мен ойлойм, бардыгыбыз законго сыйынып, сактап, адам укугун өөдө көтөрбөсөк, мунун аягы чыр-чатак менен эле бүтөт»
дейт Казакпаев.
Укук коргоо уюмдары болсо эл өзүнчө, бийлик өзүнчө жашап калганы азыркы мезгилдин эң талылуу жагы экенин белгилешет. Алар кырдаалды жөнгө салып, адам укугун сактоону кандайдыр бир деңгээлге көтөрүш үчүн, элдин ишенимине кириши керек, ал үчүн бийлик ар кандай коррупциялардан тышкары, мыйзамдуу иш жүргүзүшү зарыл деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG