Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:14

КЫТАЙ ЖЕТЕКЧИЛИГИ АЛМАШЫЛУУДА


Нарын АЙЫП 8-ноябр күнү башталган Кытай коммунисттик партиясынын 16-курултайы 14-ноябр күнү аяктайт жана эксперттердин айтымында, төрага Цзян Цемин гана эмес, азыркы жетекчилердин көпчүлүгү кызматтан кетүүгө даярданууда.

Мурдагы СССР-дегидей, Кытайда өкмөт да, парламент да бар болгону менен, бардык маселелерди партия гана чечет жана Кытай коммунисттик партиясынын жетекчиси - Кытайдын төрагасы деп аталат. 50 миллиондон ашык коммунисттен турган партиянын Борбордук комитетине 350-дөй адам кирет жана аны политбюро башкарат. Бирок политбюронун ичинде өзүнчө, жети адамдан турган Туруктуу комитет бар жана: өлкөнү дал ошол комитет башкарат, - десе жаңылыштык болбойт.

Анткен менен, 1997-жылы өткөн партиянын 15-курултайында: 70-тен ашкан адам жетекчилик кызматка дайындалбаш керек, - деген чечим кабыл алынган жана Туруктуу комитеттин азыркы мүчөлүрүнүн көбү кызматтарынан кетүүгө тийиш. Төрага Цзян азыр 76-да, парламент спикери Ли Пен менен премьер-министр Чжу Жуңцзи 74-тө жана алар дагы кызматтан кетүүдө. Комитетте - 70-ке чыга элек эки гана адам бар, алар - 68 жаштагы Ли Жуйхуан жана Цзяндын орун басары, 59-дагы Ху Джиңтао. Ли - партиядагы төртүнчү адам болгону менен, Цзян менен бир топ маселелер боюнча талашкан жана эксперттердин айтымында, Туруктуу комитеттин жаңы курамына ал эми кирбей калышы мүмкүн.

Ошондуктан, саясат таанучулар көптөн бери айтып келгендей, Кытай жетекчилигиндеги Цзяндын орду эми Ху Джиңтаого тийет. Андан тышкары, Цзян Цемин Туруктуу комитетке өзүнүн кеминде дагы төрт тарапкерин кошууга жетишти жана жогорку кызматтан кетип жатканы менен, ал - Дэн Сяопиндин үлгүсү менен - Кытайдагы бийликте дагы кала тургандай. 1987-жылы Дэн партиядагы төрагалык кызматтан кеткенде, Борбордук аскерий комитетти башкарып калган. Кытай таанучулардын айтымында, Цзян дагы азыр ошондой кылышы мүмкүн жана Дэн сыяктуу эле, эң жогорку кызматта болбогону менен, Кытай жетекчилигинин саясатына күчтүү таасир кылууга кудуреттүү.

Биринчиден, жети адамдан турган Туруктуу комитеттин беш мүчөсү - Цзяндын кишилери, экинчиден, келерки төрага Ху Джиңтаонун орун басарлыгына - Цзян илгертен колдоп келген Дзенг Чжиңгоңг дайындалышы мүмкүн. Гоң-Коңгдо иштеген аналитик Мэрил Фаңдын айтымында, төрага Ху Джиңтао экономиканы көп жакшы билбейт, бирок ага Дзенг Чжиңгоңг жардам берсе, Цзяндын саясаты уланат: "Окуялардын өнүгүшүнө караганда, менин оюмча, Цзяндын оң колу болгон Дзенг Чжиңгоңг - Кытайдагы экинчи адам болушу мүмкүн. Андай болгондо, төрага Ху Джиңтаого Дзенг Чжиңгоңгдун бир топ жардамы тийет, анткени ал - кыйла акылдуу саясатчы."

Ошентип, Цзян Цемин коммунисттик Кытайдын тарыхындагы үчүнчү атактуу төрага боло тургандай жана анын идеялары эми Кытайдын конституциясына да жазылышы мүмкүн. Буга чейин андай урматка Мао Цзедун менен Дэн Сяопин гана жетишкен.

Мао каза болордун алдында өзүнүн мураскору катары Хуа Гофенди калтырган, бирок аны ылдам эле, 70-жылдардын аягында, Дэн Сяопин кызматтан кулаткан. Он жылдан кийин Дэн кызматтан кеткенде, анын ордун Чжао Цзыян баскан, бирок 1989-жылдагы Тянянмын аянтындагы кан төгүү учурунда Чжао көтөрүлүшчүлөргө жан тарткандыктан, консерваторлор анын ордуна Цзян Цеминди алып келген. Цзян бийликке келгенде, бир топ саясатчылар аны "убактылуу адам" деп эсептеген, бирок тарыхта көп болгондой, бийликтин күчү менен Цзян өзүн - Мао менен Дэндин катарына кошууда.
XS
SM
MD
LG