Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Гезитбаян


Бекташ Шамшиев

Бээжинде өтүп аткан кытай коммунисттеринин 16-курултайы тууралуу бейшембиде "Слово Кыргызстана" гезити Лира Сабырованын макаласын жарыялады. Автордун пикиринче, Кытайдын "экономикалык керемети" социализм менен капитализмдин жетишкендиктерин ыктуу пайдаланууга байланыштуу. Гезиттин жаңы санында Конституцияга киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу профессор Кубанычбек Идиновдун пикири жарыяланды. Анын оюнча, болочок парламенттеги 90 орундун 15 гана партияларга берүү коомдо өкүм сүргөн пикирлердин артүрдүүлүгүн билүүгө аздык кылат. Таластагы төөбуурчакты сатып алуу менен шугулданып келаткан "Робин" фирмасын казак туыскандар алып кетүү аракетин жасап жатышканын, ичи тарлыктын айынан кыргыздар жакшы фирмадан кол жууп калышы мүмкүн экенин Анара Солтоева "Буурчакта ким калары азырынча белгисиз" деген макаласында эскертет.

Конституция талкуусуна үн кошкон бейысым эмгек ардагерлери бейшембидеги "Вечерний Бишкек" гезитине депутаттардын иш таштоо, манифест, башка нааразылык акцияларына катышуусуна тыюу салуу сунушун жарыя кылышты. Мындай сунушбашмыйзамга кирип калса депутаттарды чакыртып алуу кыйла жеңилдейт эле, деп эсептешет эмгек ардагерлери. Евразия экономикалык кызматташтыгы Кыргызстандагы уулуу зат калдыктарынын бекем сакталышын камкордукка алганын гезит кабарчысы Любовь Борисенко маалымдайт. Эгер Майлуусуудагы уран калдыктары сууга түшсө Кыргызстандын 26 миң, Өзбекстандын 2,4 миллион, Тажикстандын 700 миллион, Казакстандын миллионго жакын адамы жабыркайт. Мындай коркунучтуу жайлар Жаллабат облусунда эле 36 жерде жайгашкан.

"Общественный рейтинг" гезити 14-ноябрдагы санында "Эларалык сабырдуулук" коомдук фондунун президенти Рая Кадырова мен ен болгон маекти жарыялады. Кадырова бийлик менен аксылыктардын меморандумунун аткарылбай калышы үчүн жогорку кызмат адамдары жооптуу деп эсептейт. Эми оппозиция эмне жасарын алдын-ала жарыя кылбай жашырын жасайт. Каршы турган тараптардын бирөөсүнүн жашырын аракетке өтүшү аларды ымалага келтирбейт. Кадырованын пикиринче, өлкөнүн ичинде, айрыкча түштүктө, бийликке нааразы болгондордун саны көбөйүп кетти. Мунун натыйжасы кандай болорун алдын-ала болжош кыйын. Конституциялык кеңешмеде парламенттин айрым депутаттарын президенттин өзү дайындашы тууралуу пикирлер арбын айтылган. Гезит кабарчысы Асель Шербото бул тууралуу көпчүлүктүн пикирин билүү максатында интернет аркылуу социологиялык иликтөө жүргүзгөн. Сурамжыга алынган окурмандардын 79% андай укукту президентке бербөө керек, деп эсептешет.

Конституцияга алымча-кошумча киргизүү сунуштарын бейшембиде "Моя столица" гезити да жарыялады. "Демократия жана жарандык коом үчүн" бей өкмөт уюмдар ассоциациясынын мүчөсү Михаил Корсунскийдин пикири боюнча, 11 жыл ичинде Конституцияны бузганы үчүн бир чиновник жоопко тартылган жок. Ошондон ал жогорку кызматтагы чиновниктерди Жогорку Кеңештеги депутаттардын көпчүлүк добушу менен иштен алуу сунушун киргизет. Кыргыз парламенти менен өкмөтү "бюджет урушуна" кирип, ушу тапта келерки жыл бюджети "көкбөрү" тартышка түшкөнү Вячеслав Тимирбаевдин макаласында баяндалат. Өлкөнүн бюджети, автордун пикиринче, Эларалык валюта фондунун ыкралына жараша түзүлөт, өз алдынча өкмөт сөз кошо албайт.

Жума күнү сатыкка түшчү "Агым" гезитинде жарыяланчу урунт материалдар тууралуу басылманын жооптуу катчысы Аскер Сакыбаева айтып бермекчи."Агымдын жаңы санында аксылыктардын Бишкекке келиши тууралуу Замира Кожобаеванын макаласы, гезиттин чыгып атканына бир жыл толушуна байланыштуу макалалар, мурда билдирилгендей, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев менен маек жарыяланууда",- дейт Аскер Сакыбаева.

"Кыргыз ордо" гезити кандай материалдарды басууга даярдап жатканын башкы редактор орунбасары Марип Тайчабаров баяндайт. Анын маалымдашынча, жаңы санда Рамазан Дырылдаев менен Азимбек Бекназаровдун маектери, Жыпар Жекшеевдин макаласы жарык көрмөкчү.
XS
SM
MD
LG