Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:40

ПУТИНДИН ЧЕЧЕН МАСЕЛЕСИ


Нарын АЙЫП 11-ноябр күнү Брюссель шаарында Европа Биримдигинин жетекчилери менен жолуккандан кийин, Орус президенти Владимир Путин Чечен маселеси боюнча журналисттердин суроолоруна өтө орой жооп берди. Орусия саясатчылары аны: сүйлөшүү учурунда президент абдан чарчаган, - деп түшүндүрүүдө, бирок маселе андан бир кыйла кеңири десе болот.

1999-жылы экинчи чечен согушун баштап жатканда, Путин: террорчуларды биз, керек болсо, ажатканалардан да согобуз, - деп айткан, жакында болсо, орус президентинин андай орой сөздөрүн Батыш журналисттери да укту. 11-ноябр күнү Брюссель шаарында өткөн маалымат жыйынында бир батыш журналистинин Чеченстан тууралуу суроосуна Путиндин жини келип: сиз Маскөөгө келиңиз, биз сизди сүннөткө отургузалы, - деп жооп берди:

"Сиз христиан болсоңуз - коркунучтасыз. Сиз мусулман болуп да сактана албайсыз, анткени алардын максатына адаттагы ислам да туура келбейт. А эгерде сиз исламчыл радикал болууну кааласаңыз, анда Маскөөгө келиңиз, бизде сүннөткө отургузган адистер бар, мен аларга айтайын, сизди сүннөткө - башка эч нерсе өсүп чыкпагандай кылып отургузушсун."/i

Орус маалымат каражатары жана саясатчылары бул окуяга көп көңүл бурган жок, бургандары болсо: президент өтө чарчаган, - деп тим болушту. Бул окуя ошондуктан, биринчиден, орус журналисттери акыркы мезгилде бийликтин оюн таап, ага каршы эч нерсе айтпоого канчалык машыктырылганын көрсөтөт. Экинчиден, бул сөздөр - президент Путин жөн гана чарчабастан, Чечен маселеси менен анын эмне кылаарын билбегенинин белгиси.

Ага - бийликке мурда аркан бою жакындатылбаган Григорий Явлинскийди Путин - Маскөөдөгү барымта аяктаары менен өзүнө чакырып алып, чечен маселесин аны менен узакка талкуулаганы да далил. Барымта учурунда Путин чындап эле оор абалда калган, эгерде ал чечендер менен сүйлөшүүгө макул болсо, барымта токтотулмак, бирок аны менен Кремль - чечендерге каршы акыркы үч жылда жүргүзүлгөн саясат түп тамырынан бери ката болгондугун да мойнуна алмак.

Путиндин айланасындагы саясатчылар болсо, барымта башталаары менен, чечендер менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн дароо жокко чыгарып: барымтаны уюштурууга президент Аслан Масхадов өзү катышкан, - деп жарыялады. Масхадовдун жардамчысы Ахмед Закаев: чечен жетекчилигинин бул окуяга тийешеси жок,- деп айтканына карабай, Маскөө - Закаевдин өзүнүн Копенгаген шаарында убактылуу кармалышына да жетишти. Анткени, эгер чечендер менен кандайдыр бир саясий сүйлөшүү баштала турган болсо, ага чечен тарабынан катышууга Закаев биринчи кандидат болмок. Орус саясатчылары - чечендердин мурдагы президенти Зелимхан Яндарбиевди дагы каралап: ал Маскөөдөгү барымтачылар менен телефон аркылуу сүйлөшүп турган,- деп билдирди.

"Московские новости" гезитинин жазышынча болсо, Катарда жашаган Яндарбиев Маскөөдөгү окуялар жөнүндө - барымта башталганадан кийин гана билген, бирок барымтачылардын башчысы Мовсар Бараевке чындап эле эки жолу телефон чалып, кандай болгон шартта дагы туткунга алынган адамдарды өлтүрбөөнү суранган. Жана барымтачылар чындап эле театрды жардырбастан, өздөрү өлүп беришти.

Закаевдин күнөөлүү экендигин Маскөө далилдей элек, бирок Закаев, Яндарбиев же Масхадов сыяктуу адамдарды "бандит" деп атоо менен Орус жетекчилиги - чечендер менен сүйлөшүү жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн түп тамырынан бери жок кылууда. Ошол эле учурда, үч жылдан бери согушуп, чечендерди жеңе албаган президент Путиндин жини кайнап, ачуусун ал батыш журналисттеринен чыгарууда.
Булак: "Moscow News"
XS
SM
MD
LG