Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:45

Израил жана "Хезболла"


Улан Алымкул уулу Британдык "Jane's " изилдөө борбору жакында жарыялаган баяндамасында Ливанды байырлаган "Хезболла" уюму учурда Израилге каршы жүргүзүп жаткан аракеттерди жашыруун согуш деп баалады. Адатта ыңгайы келгенде Израилге кол сала коюп жүргөн "Хезболланын " жашыруун согушу эмнени туюндурат.

"Хезболла " - ливандык исламчылардын куралдуу уюму. Анын негизи базалары өлкөнүн түштүк аймактарында жайгашкан. Хезболлачылар такай ыңгай келе калганда Израилдин түндүк аймктарын аткылап, түрдүү деңгээлдеги кол салууларды уюштуруп келет. Уюмдун лидери Хассан Насралла өз билдирүүлөрүндө дайыма Палестина үчүн Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды өз пайдасына чечүүнүн жалгыз жолу аскерий каршылык көрсөтүп экенин айтып жүрөт. Израил жанан анын союздаштары "Хезболланы " оңой жоо катары карабайт. Өз тарабынан жөөт армиясы менен аскерий учактары да Ливандын түштүгүндө "Хезболланын" базалары делген аймактарга абадан сокку уруп турат. Ал турсун быйыл жазында хезболлачылар катуу активдешкен кезде Израил аларга каршы экинчи фронт ачат деген божолмолдор болгон. Жөөт премьер- министри Ариэль Шарон бир топтон бери "Хезболла " Сириянын жана Ирандын көмөгү менен Израилге каршы кайрадан соку урууга даярданып жатканын айтып, кокус мындай болсо катаал жооп жасалаарын Сирия менен Ливанга эскерткен эле. Жакында АКШ президенти Жорж Буш Вашингтондо Ариэль Шарон менен жолуккан кезинде эгер "Хезболла " өңдүү уюмдар Израилге масштабдуу кол салуу уюштурса, Вашингтон Израилди жалгыз калтырбашын белгилеген болчу. Вашингтон Ливан менен катар Сирия менен Иранды да "Хезболланын " демөөрчүсү деп эсептейт.
Ал эми британдык "Jane's " изилдөө борбору ушул аптадагы баяндамасында "Хезболланын " Израилге каршы жашыруун согушун туюндурган кызык маалыматтарды жарыяланды.
"Jane's " борбору келтирген маалыматтарга караганда, маселен сентябрь айында жөөт бийликтери Израил армиясынын "Хезболланын " пайдасына тыңчылык кылып келген жогорку даражалуу офицери, араб тектүү полковник Омор аль- Хиябды камакка алган. "Jane's " изилдөө борбору бул көрүнүш
" Хезболла " Израилдин ичинде жашаган арабдарды да интифадага көтөрүүгө жөндөмдүү экенинен кабар берет деп эсептейт. Израилдин араб тектүү калкынын саны 800 миңге чамалаш.
Жөөт бийликтеринин маалыматына караганда, полковник Омор аль-Хиябдын адамдары 2000-жылдын декабрынан, быйылкы жылдын сентябрына чейин "Хезболланын " пайдасына үч топко бөлүнүп алып иштеген. Тыңчылардын акысын "Хезболла " аларга наркозат түрүндө төлөп турган. Башкы айыпкердин иши октябрь айынын соңунан бери Израилдин аскердик сотунун кароосунда. Ал күнөөсүн мойнуна албаганы менен жөөт бийликтери аларда полковник Омор ал -Хиябдын хезболлачылар менен болгон телефон сүйлөшүүлөрүнүн көчүрмөлөрү бар экенин билдирүүдө.
Жөөт бийликтеринин ишениминде, минтип тыңчылык менен алектенген топтордун саны он чакты болушу мүмкүн."Jane's " борбору келтирген экинчи бир маалыматка караганда, Израил бийликтери ошондой быйыл июнь айында Фаубзи Аюб деген дагы бир хезболлачыны да камакка алганын ачыкташты. Жөөт бийликтеринин эсебинде мурда Ливанда Израилге жиберилүүчү хезболлачыларды машыктыруу менен шугулданган 38 жаштагы Фаубзи Аюб өз аты жөнүн өзгөртүү үчүн Канада жашап келген. 2000-жылы Ливанга кайткан Ауюб ошол жылдын октябрында Израилдин аймагына кирүү үчүн Канаданын Европадан алынган жалган паспортун пайдаланган экен. Айтор, Израил бийликтери анын камалашы менен "Хезболланын" өлкө аймагында белгиленген бир нече террордук чабуулун алдын алууга болду деп эсептейт. Ал 1996 - жылдан бери "Хезболланын " Израилдин аймагынан камалган төртүнчү активисти.
АКШ жана Израил бир топтон бери "Хезболланын " дагы бир активисти Имад Файез Мугнаяга издөө салган. Ал 80-жылдардан бери Ливанда АКШнын кызыкчылыктарына каршы бир нече террордук актыларды уюштурганы үчүн айыпталууда, ошондой эле учактарды барымтолоого байланышкан бир нече акциялардын артында турушу ыктымал деген жоромолдор бар. Вашингтон аны кармап бергендер үчүн 25 миллион долар убада кылган. Айрым маалыматтарга боюнча, Имад Файез Мугная Иранда баш калкалап жүрөт.

XS
SM
MD
LG