Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Ирак ООНдун резолюциясына макул.


Улан Алымкул уулу Багдад ООНдун өлкөгө аскерий инспекторлорду жиберүүнү караган резолюциясына толук макул экенин расмий түрдө билдирүү менен анда көрсөтүлгөн талаптардын алгачкысын гана аткарды. Ошондой эле бул баяндамачылар менен эксперттердин пикиринде, Иракка каршы согуш маселеси күн тартибинен чыкты дегенди туюндурбайт жана мындан аркы окуялар да Багдаддын аракетине жараша өнүгөт.

Ирак ООНдун жаңы резолюциясынын шарттарын кабыл алганын шаршемби күнү кечинде жарыялады. Бул туралуу расмий түрдө Ирак тышкы иштер министри Нажи Сабринин ООНдун баш катчысы Кофи Аннандын дарегине жөнөткөн катында айтылат. Ирактын ООНдогу элчиси Мохаммед аль-Дури каттын мазмуунун чечмелеп, кабарчылар менен болгон маегинде анын өлкөсү мындай чечимге согушту алдын алуу үчүн келгенин белгиледи:
" Катта Ирак резолюцияны кабыл алганы, анда көрсөтүлгөндөй аскерий инспекторлордун кайтып барышына макул экендиги айтылган. Биз ар дайым маселени чечүүнүн тынчтык жолун издегенбиз. Бул өлкөбүздү, элибизди, ошондой эле чөлкөмдү реалдуу болуп турган согуштан сактоо боюнча биздин саясаттын бир бөлүгү деген ойдобуз ", -деди Ирактын ООНдогу элчиси Мохаммед аль-Дури. Маалымат агенттикттери кабарлагандай, Ирак тышкы иштер министри Нажи Сабри ООНдун баш катчысы Кофи Аннанга жөнөткөн тогуз беттен турган катында кайрадан Иракта массалык кыргын салуучу куралдар жок экенин ырастап : " Америка администрациясы менен британ өкмөтүнүн жалганчылыгы, манипуляциясы айгине болот. Дүйнө ирактыктар ак экенине, сөзү менен иши шайкеш келээрине ынанат ",- деп жазган. Ошондой эле Ирак тышкы иштер министри Багдад резолюцияны анын мазмуунун канааттандырбаганына карабай кабыл алганын белгилейт. Ирактын резолюцияга макул болушун бир каттар өлкөлөрдүн өкмөттөрү, Араб лигасы оң баалады. Бирок али да көп суроолордун башы ачыла электиги анык. АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Ричард Баучер шаршембидеги басма сөз жыйынында Багдаддын чечимин комментарийлеп жатып :
"Резолюция кабыл алынган күндөн бери милдетүү эл аралык мыйзам. Иракта резолюциянын шарттары менен макул болуудан башка арга жок эле. Ирактын каты талаптардын бири гана. Алардын кийинкиси толук ачылып инспекторлор менен активдүү кызматташуусу. Резолюцияда айтылгандай ачык эместиктин же тоскоолдук кылуунун кандайдыр бир аракети жаңы материалдык бүлгүндү жаратат ",-деп билдирди.
Британ тышкы иштер министри Жек Строу болсо Ирактын алгачкы кадамын кубаттаарын айтып, бирок алдыда этияттык керектигин, Ирак өз багытынан бат өзгөрүүсү менен таанымал болгонун белгиледи. Ал эми Орусия тышкы иштер министри Игорь Иванов :
" Москвада Ирак жетекчилигинин ООНдун 1441 номерлүү резолюциясын толук көлөмдө аткаруу жөнүндөгү чечими терең канааттануу менен кабыл алынды. Эми эң жакынкы аралыкта эл аралык инспекторлор барып, өз милдеттерине киришүүсүнө мүмкүндүк ачылды" -, деди. Араб лигасынын баш катчысы Амир Мусанын айтымында, Багдаддын кадамы эми согуш жөнүндө талкууну токтотуу керектигин көргөзөт.
Анткен менен баяндамачылар жана аналитиктер Ирак тышкы иштер министри Нажи Сабри ООНго жазган катында анын өлкөсүндө массалык кыргын салуучу куралдар жок деп ырастаганын эске алганда,резолюция боюнча Багдад жасоого милдеткер болгон экинчи маанилүү кадам чатактын кайра тутанышына жем ташташы мүмкүн экенин белгилешүүдө. Анткени, резолюцияда көргөзүлгөндөй 8- декабрга чейин Ирак өзүнүн массалык кыргын салуучу куралдар программасы, технологиялары кош : граждандык жана аскердик максатта пайдаланылган ишканалары жөнүндө бүткүл маалыматты бериши абзел. Вашингтондогу Эл аралык жана стратегиялык изилдөөлөр борборунун аналитиги Энтони Кордесмен :
"Эгер ал тизмеде олуттуу кемчиликтер болсо, эгер анда алар мурда айтып келгендей жалган нерселер камтылса, бул иш жүзүндө согуштун жарыясы болот ",-деп эсептейт.
Ирак темасы шаршембиде АКШ президенти Жорж Буш менен ООНдун баш катчысы Кофи Аннандын жолугушуусунда да сөз болду. Аннандын пикиринде да,эми негизги маселе Ирак резолюциянын талаптарын иш жүзүндө кандай аткарарында. Ал эми инспекторлордун, даярдык көрүүчү алгачкы тобу Багдадга алдыдагы дүйшөмбүдө келээри күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG