Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:21

Ху Син ТАО деген ким?


Байян Жумакадыр кызы Кытайда, өлкөнү жападан жалгыз бийлеген партия башчылыгы алмашты. Кытай коммунисттеринин 22- курултайында партиянын баш катчысы болуп, 59 жаштагы Ху Син Тао шайланды. Партиянын саясий бюросунун Туруктуу Комитетинин курамы да дээрлик толук жаңырды.

Кытайда Коммунисттер өлкөнүн бийлик жүргүзгөн жападан жалгыз партиясы болгондуктан, партия башчылыгынын алмашуусу менен - мамлекет башчылыгы да алмашат. Келерки жылы Ху Син Тао Кытайдын праламенти тарабынан өлкөнүн президенти болуп шайлануусу күтүлөт. Ага чейин Дзяң Дзямең мамлекет башчысы болуп кала бермекчи. Саясий байкоочулар, Дзяң Дзямеңден алда канча жаш Ху Син Тао мамлекеттин жана өкмөттүн башына күч-кубатка толуп турган жаш кишилерди алып келеерин божомолдошот, бирок "бул Кытайда жакын арада саясий реформалар башталат дегенди кепилдебейт",- дешет алар.
Ху Син Тао политбюронун мурдагы курамынын эң жаш мүчөсү болгону менен, ал эски гвардиянын тарбиясын алган. Буга чейин Ху АКШ менен Орусиянын гана президенттери менен жолугушкан. Көптөгөн чет элдик саясатчылар менен аналитиктер үчүн ал табышмак болуп кала берүүдө. Өткөн жазда АКШга иш визит менен барганында ал Вашингтондогу саясатчыларга иш билги, ийкемдүү дипломат катары таасир калтырган.
Ху Син Таонун партия жана мамлекет башына көтөрүлө турганын байкоочулар жылдардан бери түкшүмөлдөп келатышкан. 1992- жылы Ху Син Таону партиянын эң жогору бийлик баскычы -саясий бюронун туруктуу комитетине кытай экономикалык реформаларынын "архитектору " атыккан маркум Дең Сяо Пең көтөргөн болчу. Карт саясатчы, өлкөнүн алыскы провинциясынан чыккан, окуган кесиби боюнча гидроинженер, жаш болгону менен, ишке бүйрө, өтө сак, өнөгүн эч кимге алдырбаган партократтан,- келечекте жакшы жетекчи чыгаарын баамдаган шекилденет. Дең Сяо Пендин ишенимин актап Ху Син Тао, 1997- жылы ал каза болгондо, Деңдин аза күткөн жубайын коштоп, маркумдун сөөгүнүн гүлүн деңизге сапыруу каадасына катышкан. Ал жөрөлгөгө саясий бюродон башка эч ким катышкан эмес эле.
Саясий байкоочулар ошондо эле Ху Син Тао келечекте партия жана мамлекет башчылыгына көтөрүлө турганын түкшүмөлдөшкөн. Бирок андан кийин Ху Син Таонун дайыны чыкпай калган. Анын партиянын ичиндеги тымызын каршыккан топтордун бирине да кошулганы, же оозунуп, бирөөлөргө кескин сын айтып, куугунтук жегени байкалган эмес. Тескерисинче, ал кызыкчылыктары төп келбеген топторду мунасага келтирип, ортодогу данакер болуп, бирок өзү көлөкөдө кала берген. Жаш кезинен үйрөнгөн мындай жүрүм- турум ага Кытайдын саясий элитасында боло жүргөн бороон- чапкындан аман-эсен чыгууга мүмкүндүк берген жана саясий байкоочулар, мамлекет башчысы катары бекимейинче, ал бул жүрүшүнөн жазбай турганын айтып жатышат.Партиянын саясий бюросунун 7кишиден турган туруктуу комитетинин калган 6 мүчөсү партия башчылыгын өткөрүп берген Дзяң Дзямеңдин кадрлары. Ошон үчүн ар бир жаза тайган жаңылыш кадам, Ху Син Таонун президенттигине кедерги болуп калышы ажеп эмес.
Ошентсе да анын партиядагы таасири кыйла күчтүү. Солчулдарга да, оңчулдарга кошулбаган Ху Син Таону 198 кишиден турган борбордук комитетте жана түштүктөгү Гуисхоу провинциясы менен Тибетте партия башчысы болуп турган кезде чогуу иштекен бир топ партократ лидерлер колдошот.
Ху Син Тао Кытайдын коммунисттик жаштар Союзунун жооптуу кызматтарынан баштап, партия жетекчисине чейин көптөгөн карьера баскычтарынан өтүп, көтөрүлгөн. 1982 жылы ал борбордук комиттеке шайланып, андан соң 84-жылы коммунисттик жаштар союзун башкарып, 85 – жылы кедей Гуисхоу провинциясынын партия жетекчиси болуп иштеген. 1986 - жылы ал провинциянын студенттеринин продемократиялык демонстрацияларын басаңдатууга жетишкен жана ал тажрыйбасына ишенип, аны партия башчылыгы 1989- жылы Тибетке партия жетекчиси кылып уп жиберген. Бирок ал келген жылы жазында Лхасада эгемендик кыймылы күч алып, полициянын огунан ондогон кишилер өлгөн. Ху Син Таонун ал кездеги ишинин кыйла бөлүгү азыр да бүдөмүк бойдон кала берүүдө.
Ден соолук ахвалына байланыштуу, бийик тоолу шартка иштей албай түтөктөн жабыркаган Ху Син Тао, көп өтпөй Бейджинге кайтып келген жана андан кийинки жылдарда Партиянын мектебин башкарып, Европанын Социал демократиялык партияларынын ишин окуп, үйрөнүп, партиянын ичинде реформаларды жүргүзүү маселелерин, карлардын даярдыгын жакшыртууну талкууга койгон. Бирок саясий байкоочулар эски гвардиянын тарбиясын алган Ху Син Таонун иш жүзүндө реформа жүргүзө койбосун айтышат.

XS
SM
MD
LG