Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:08

Түркия менен Ирандын газ чыры басылды


Байян Жумакадыр кызы 11-ноябрьдан тартып Түркия Ирандан газ импорттону жандантты. Экономикалык эксперттер муну Түркиянын экономикалык ахвалындагы дурус жышана катары сыпаттап жатышат.

Ройтер кабар агентиги Түркиянын "Ботас" мамлекеттик газ компаниясына шилтеме берип, өткөн дүйшөмбүдөн тартып Түркия Ирандан кайрадан газ ала баштаганын, ал эми түрк жетекчилиги газ импорту татаал жана узак сүйлөшүүлөрдөн кийин 9-октябрьда кол койулган орток келишимге ылайык, жанданганын билдиришет.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки мамлекеттин ортосунда газдын сапаты жана баасы жөнүндөгү пикир келишпестиктер жөнгө салынды. Бирок бул келишимдин канча убакытка түзүлгөнүн Түркиянын "Ботас" компаниясы да, Ирандын улуттук газ ишканасы да айтышпайт. Экономист-эксперттер: "1996-жылы 25 жылдык келишимге кол койуп, оозу күйгөн тараптар, бул жолу андан кыйла кыска мөөнөткө макулдашкан болуу керек", – деп божомолдошот.
Үзгүлтүккө учураган соода келишимине тараптар 1996- жылы чейрек кылымдык мөөнөт менен кол койушкан эле жана ал бүтүмгө ылайык Түркияга Иран 20 миллиард долларга көгүлтүр отун сатмак. Бирок быйыл жайында Түркия Иран газынын сапатынын начар болуп жатканын жана андай газ үчүн Анкара олчойгон акча төлөй албасын билдирип, келишимден чыгып кеткен. Келишимди бузуу менен Анкара ири көлөмдөгү акчалай айып тартарына кайыл болгон. Анткени Иран Түркияга финансылык жаза колдонууга кесенген болчу. Бирок бир нече айга созулган талаш жөнгө салынып, акыры тараптар октябрь айында жаңы келишимге кол койушту. Жаңы келишим боюнча Түркия газды алда канча арзаныраак сатып алат.
Бирок талаштын түпкү себеби газдын сапатында эмес, 2001-жылдын башында кескин төмөндөп кеткен экономикада эле. 2001-жылы Түркиянын улуттук дүң өндүрүшү дээрлик тогуз жарым процентке ылдыйлады. Түрк экономикасы азыр оңоло баштады жана быйыл анын өсүшү 4 проценттик деңгээлге жетиши күтүлөт. Бирок 2001-жылкы кризис өз ишин жасаганга үлгүрдү, анын терс таасири дагы бери дегенде эки жыл сезилмекчи. 4 проценттик экономикалык өсүшкө карабастан, газга болгон суроо талап дагы эле ылдыйлоодо. Эгерде кризиске чейин газдын жылдык керектөөсү 20 миллиард кубометрди түзсө, быйыл тогуз айдын ичинде жумурият араң эле 12 жарым миллиард кубометр газ керектеди. Газга болгон суроо талаптын азайышы, Анкараны Орусиянын "Көгүлтүр агым" газ кууру боюнча алынчу отундун көлөмүн азайтып, ал эми Ирандан газ импорттоону толук токтотууга мажбур кылган. "Көгүлтүр агым" системасы декабрьде пайдаланууга берилет. Эксперттердин айтымында Иран дүйнөнүн газга эң бай деп эсептелген экинчи өлкөсү, бирок андан газды жалгыз Түркия сатып алат. Ошон үчүн айласы түгөнгөн Тегеран газ кирешесинин жалгыз булагынан кол жууп калбас үчүн, Түркиянын талабына мойун сунганга аргасыз болду. Серепчилер Анкаранын кысымы менен Тегеран газ баасын 20 процентке ылдыйлатып, Орусиядан алынган газдын баасынын деңгеелине түшүргөнүн божомолдошот. Ал эми Орусиянын "Тройка- Диалог" деген инвестициялык банкы Орусия көгүлтүр агым системасы боюнча бериле турган газдын баасын бир миң кубометрине 75 доллардын деңгээлине арзандатканын билдирет. Ошон үчүн эксперттер эми Түркия Ирандык газдын бир кубометрине 7.5 цент төлөп жатканын боолголошот. Түркия жаңы келишим боюнча Ирандан канча газ ала турганын билдирбейт. Бирок жылдык керектөөлөрдүн көрсөткүчтөрүнө таянып, эксперттер келерки жылы Түркия Ирандан болгону 5 миллиард кубометр газ сатып аларын божомолдошот. Түркиянын экономикалык жагдайы кескин өзгөрмөйүнчө, ал газ импортун жогорулатары күмөн.
Бирок дүйнөнүн ири газ экспортоочулары Түркиянын газ керектөөчү эмес, газ экспортунун транзиттик жолу катары калыптануусуна көбүрөөк кызыкдар. Европа менен Азиянын ортосунда, деңиздердин курчоосунда жаткан өлкө, жакынкы чыгыш менен Каспий газын Европадагы керектөөчүлөргө ташыганга өтө ыңгайлуу жолду түзөт.
XS
SM
MD
LG