Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:03

АКШ ЖАНА АНЫН ШЕРИКТЕРИ - ТҮНДҮК КОРЕЯГА МУНАЙ БЕРҮҮНҮ ТОКТОТУУНУ ЧЕЧТИ.


Америка кошмо штаттары, Европа Биримдиги, Жапания жана Түштүк Корея кирген Корей жарым аралындагы кубат өндүрүү уюму кечээ күнү Нью-Йорк шаарында атайын жыйын өткөрүп, эмки айдан тартып Түндүк Кореяга мунай берүүнү токтотуу тууралуу чечим кабыл алды. Бул чечим - 1994-жылы кол коюлган өзөктүк курал өндүрбөө жөнүндөгү келишимди Түндүк Корея бузгандыгына жооп болууда. Өзөктүк курал программасынан баш тарткандыгы үчүн, Түндүк Кореяга - жыл сайын 500 миң тонна мунай жиберилип, эки өзөктүк электр станциясы куруп берилмек, бирок жакында Пхеньян - ал келишимди аткаруудан баш тарткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG