Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:06

ИРАККА БАРА ТУРГАН ЭЛ АРАЛЫК ТЕКШЕРҮҮЧҮЛӨР БҮГҮН КИПРГА УЧУП ЧЫКТЫ.


Иракка бара турган эл аралык текшерүүчүлөрдүн башчысы Ханс Бликстин айтымында, Ирак жетекчилиги алардын аракеттерине кандайдыр бир түрдө кийлигишсе же алар тандаган ишканаларга инспекторлорду киргизүүнү создуктурса, ал - Бириккен улуттар Коопсуздук кеңешинин чечимин бузгандык болот, - деп билдирди. Франция менен Орусиянын өкүлдөрү дагы бүгүн: инспекторлордун ишине эч тоскоолдук болбоого тийиш, - деп билдиришти. Текшерүүчүлөрдүн биринчи тобу бүгүн Кипрге барып, Өзөктүк кубат боюнча эл аралык агенттиктин адистерине кошулат жана алар дүйшөмбү күнү Иракка учуп чыгат. 8-декабрга чейин Ирак жетекчилиги инспекторлорго - химиялык, биологиялык жана өзөктүк курал боюнча документтерди берүүгө тийиш, текшерүү өзү болсо, 23-декабрда башталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG