Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

ЭЛ АРАЛЫК ТЕКШЕРҮҮЧҮЛӨР БАШЧЫСЫ - ИРАК ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ ТОПТООДО.


Эл аралык текшерүүчүлөр тобунун башчысы Ханс Бликс кечээ кечинде Бириккен улуттар уюмунда маалымат жыйынын өткөрүп, Ирактын кеңири кыруучу куралдары тууралуу маалымат билген өлкөлөр аны ачыкка чыгарып, Коопсуздук кеңешине билдириши керек, - деп жарыялады. Бликстин айтымында, Өзүнүн куралдары тууралуу документтерди Ирак текшерүүчүлөргө 8-декабрга чейин тапшырууга тийиш, инспекторлор болсо, Ирактагы ишин 27-декабрда баштайт. Жыйында Бликс дагы бир жолу: анын комиссиясы - Иракка каршы согуш баштоо-баштабоо маселесин чечпейт, ал тек кана текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыктарын Бириккен улуттарга тапшырат, - деп кайталады. Бликс бүгүн Кипрге учуп чыкты.


Ханс Бликстин айтымында, текшерүүчүлөр тарабынан Иракка каршы провокация болбойт: "Биздин текшерүүдө эч жаман ой жок, биздин максатыбыз - тыкан текшерүү жүргүзүү. Косметикалык инспекция жасагандан көрө, эч кандай текшерүү жүргүзбөй койгон жакшы. Жана ошондой тыкан текшерүү - Ирактын дагы кызыкчылылында, антпегенде, дүйнөлүк коомчулук ага ишенбейт".

XS
SM
MD
LG